Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кочкор окуясы... Мезгилдин өтүшү менен Алмазбек Жумабековдун чындыгы калкып чыкты

Кочкор окуясы... Мезгилдин өтүшү менен Алмазбек Жумабековдун чындыгы калкып чыкты

24-июнь, 14:01
4 845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыл башындагы Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен ишкердин ортосундагы келишпестик, чатак, ага милиция кызматкерлеринин аралашканы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча ЖМКларда ар кандай версиялар жазылган эле. Аныгында, агездеги Нарын ОИИБ начальниги Алмазбек Жумабековдун өз чындыгы айтылбай, көмүскөдө калганын кийин байкадык. Чырлуу тема байма-бай козголгон сайын, биз калыстык үчүн окуянын чоо-жайын адилеттүү таризде талдоону туура көрүп турабыз.

УКТ, ишкер, оперлер аралашкан чуулганга чейин эле Кочкор РИИБ начальнигин алмаштырууну Алмазбек Жумабеков бир канча ирет айтып, тийешелүү жетекчиликтерге кайрылган. Эгерде сунушу өткөндө, жагымсыз көрүнүш жаралбай, кырдаалдын алдын алууга жетишип калмак. (Райондогу тааныш-билиш, тууганчылык аралашкан мамилелерге чекит коюлмак). Эми “боёсу канды…” демекчи, андан кийинки жагдай кандайча өнүккөн? Окуя орун алган учурда Алмазбек Жумабеков ооруп, дарыланып аткан экен. Мындай шартта ал кызматтан кетмек эмес, мыйзам алкагында, бирок... Коомчулук козуй баштаганда ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган. Алар Нарын ОИИБ начальнигинин орун басарларын текшере баштаганда, Алмазбек Жумабеков арызын жазып берип, кызматка байланбай турганын, чыңалган абалды жеңилдетүү таризинде баса берген. Бул анын жигиттик кадамы эле. Эгерде башка начальник болгондо жумушта болбогонун, ооруганын бетке кармап, талашып-тартышып, креслосун сактап калмак. 

Ошентип, УКТга байланышкан Кочкордогу милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышып, айрым жетекчилер кызматтарынан алынган. Министрлик тарабынан максималдуу түрдө жаза колдонулганы белгилүү. 

Ал эми Алмазбек Жумабеков убакыттын өтүшү менен ИИМдин адистештирилген күзөт башкы башкармалыгына орун басар катары дайындалышы толук кандуу мыйзамдуу. Моралдык жагынан, юридикалык аспектилерден караганда да, кынтык таба албайбыз. Тескерисинче, “садага чабылганын”, жазыксыз жабыр тартуучу катары сыпатталганын эскертмекчибиз. Каарманыбыз Нарын облусунун милициясын эки жылдай башкарып, эл менен карым-катышты чыңдап, өзгөчө Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө каршылык көрсөткөн жергиликтүү элдин маанайын өзгөртүп, ийгиликтүү аракети уланып аткан. Өздүк курамдын колдоосу күчтүү эле. Бекеринен губернатор Алтынбек Эргешов “Нарын облсунун ардактуу атуулу” наамын Алмазбек Артисбековичке бербесе керек. Мындай баага мамлекетчил терең көз карашы, талыкпаган эмгеги үчүн татыганын баса белгилебесек да айкын. 

Андан соң Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИБ башчылыгына дайындалып, Алмазбек Жумабековдун жасап кеткен чарбалык, курулуш ж.б. милицияга кам көргөн иштерине ыраазычылык билдиргенин ачык айталы. Талыкпаган иштермандык, билгичтик гана адам парасатынын деңгээлин, ордун аныктаганы ушулбу? Бирок, экс-начальник убагында пиар менен алектенбегени, убактылуу чегингени ар кандай сөздөрдү жаратып, натыйжада, мезгилдин өтүшү менен баары таразаланып, чындык калкып чыгып турган чагы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер