Кафедеги жарылуудан пол жууган аял каза болду
Бүгүн, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон.
Өрт чыккан «Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир аял окуя болгон жерден мерт болду. 14 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди.
Кафедеги жарылуудан жети бала жабыркап, жалпы жонунан он төрт адам ар кандай күйүккө кабылып, ооруканага жеткирилди. Учурда он адам ооруканада жатат.
Кафеде үч ирет жарылуу болгон. Биринчиси 13.40та болгон. Фастфуд жасоочу жерден өрт чыгып, тилсиз кафеге жеткен. Окуя болгон жерге дароо өрт өчүргүчтөр, “тез жардам” жана милицияя кызматкерлери келишти.
Ооруканага жаткырылган адамдардын экөөнүн абалы оор, денесинен 25-30 % күйүк алган. Калгандарынын абалы орто, 5-13% күйүк менен жатышты. Андан тышкары күйгөн азыктардын жытынан да уулангандар бар.
Кафенин жарылганына күбөлөрдүн айтымында 13.40та үч жолу удаасы менен катуу жарылуу болгон.
Жарылуу болгон жерден эл: “Балдарды алгыла!” деп кыйкырышкан. Анткени ал жакка тамактанууга балдары менен келгендер да бар болчу. Өрт чыккан жерге он беш метр да жакын барууга мүмкүн болгон эмес. Себеби, өрттүн илеби өтө ысык болгон.
Албетте, бул жерде өрттүн чыгуусу боюнча ар кандай маалыматтар айтылып жатат, айрымдар “атайын өрт койду” десе, айрымдары “газ жарылды” деген.
Бирок ал жактагы жабырланган күбөлөрдүн айтымында бургер даярдалып, эт кууруп жаткан жерден чыккан. Ошол жактагылардын бири “Өрт!” деп кыйкырып, кызматкерлер бери жакка секирип өтүп, кардарлар сыртка чуркап чыгышкан.
Ал эми окуя болгон жерден көз жумган аял ошол жерде пол жуугуч болуп иштечү экен. Ал азык-түлүк сактоочу муздаткычка барып, ал жактан чыга албай, жарылууга кабылып каза болгон.
Aryba.kg