Жер Капчыгай

(Тарыхый баян)
Редакциядан: Азыркы Чаткал өрөөнү байыркы окуяларга бай экендигин андагы айрым жер-суу аттары менен тарыхый жайлар далилдеп турат. Биз бүгүн ошондой жерлердин биринин өткөн таржымалы, улуулардан уккан оозеки окуялары жөнүндө КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Бакыт Баймырзаевдин калемине таандык тарыхый баянды окурмандарга тааныштырууну туура көрдүк. Материал фольклордук-этнографиялык жана тарыхый жактан керектүү маалымат катары кабылданат деген ишеничтебиз.
Кыргыздын жер-суусу бар эзелтеден
“Ээлүү”, “ыйык” делип эсептелген.
Эл өзү эчен кылым эске сактап,
Эскирип, эби кетип бизге келген.
Карылар, аксакалдар улап кепти
Качанкы карт тарыхты баян этти.
Кечээки капсалаңдуу күндөр изи
Кээ-кээде оозго алынып бизге жетти.
Айтайын мен билген жер Өөрдөш-Сайды
(Айтылбай алп тарыхы бизге калды).
Кыйын күн... кыргын-сүргүн, кырчылдашмай
Кырылды кайран кыргыз мүлдө жарды.
Киндик кан тамган айыл “Жер Капчыгай”
Кең өзөн, суусу тунук, эл какшыбай.
Кызыл таш, жалама зоо, оозу кууш
Төрүнө бир короо кой бүт баткыдай.
Бир атчан араң кирет тиштеп жанды
(Качанкы кандуу заман ойго салды...).
“Тулпардын акуру” деп кеп кылышчу:
“Жаныштын жоргосунан ушул калды”.
...Жоо келип, жортуул жүрүп, төгүлдү кан
Дүңгүрөп Чаткал ичи... дүрбөгөн жан...
Көптүктөн эл деминен тоо жаңырып
Кең өрөөн болгонсуду кенедей тар.
Өөрдөштөн өйдө жакта капчыгай бар
Бир атчан араң батат ооз жагынан.
“Кысталыш учурларда качканбыз” деп
Чоң энем айтаар эле ал жайынан.
Аркы өйүз Түлөберди-Сайдан туруп,
Атканда калың кыргыз ташка ыгып.
Айрымдар Акур-Ташка баш калкалап,
Көпчүлүк аман калган араң чыгып.
Ал анын кечээки эле көргөнү экен
А чыны ага чейин сансыз эчен.
Өтүптүр бул жерлерде кандуу кармаш
Канчасы коштолгондой шейит менен.
Капчыгай оозун ээлеп айыл жатат
(Кызыл таш кыйла сырды ичке катат).
Yй жаны коорумдалган шейит болсо,
Жер казсаң шагыраган сөөк басат.
Качанкы кылымдардын кыртышында
Калыптыр тарых изи бүт ушунда.
Кармашып, каптап келген жоону сүрүп,
Жарадар Жаныш баатыр орду мында.
Байышы жарат алып, жоо колунда,
Жанышы качып чыгып, соо калууда.
Баатырды аман сактап чын ажалдан
Куткарган минген аты – бул да туура.
Жарадар Жаныш качып кууган жоодон
Тулпары жылчык тапкан туюк зоодон.
Алыскы аралыктан жол билинбей
“Таш жутту” дешкен экен ошол бойдон.
“Жуткан таш” эр Жанышка эшик ачып,
Тирүүлүк ырыскысын кенен чачып.
Жоргосу эл баатырын жоого бербей
Сакайтып алып келген элге кайтып.
Бул баян жомокто да шундай делген
Бузулбай кылымдардан бизге келген.
Аты ушул азыр бул жер – “Жер Капчыгай”
Жол жатат эчен өткөн улуу кербен.
Ошондой өткөн-кеткен белгиси бар
Өөрдөштүн өзгөчөлүү жердиги ал.
“Тулпардын акур ташын” бекем койгон
Турганы бүгүн дагы ошол бойдон.
Айылдын батыш жаккы тарабында
(“Кой кыркым” болгон жерден карагыла).
“Тулпардын кыясы” деп элде айтылат
Аныгы, тарыхы анын каягында?
Тарыхын так билген жан бүгүн калбай
Айтышат: “бул жер мындай, бул жер андай”.
Ээси бар дешет аны жанга дайын
Ар кандай абалдарда боло калмай.
“Тулпардын кыясы” эгер ошол болсо,
(Табылгыс, кунсуз бизге чыны олжо).
Рухий күчү канча демөөр болмок
Баяны, аяны бүт турса колдо.
Ал кыя азыр кайда билген барбы?
Биз жүргөн машина жол бүгүн калды.
А чыны “Тулпар кыя” ал эместир
Азыркы абалыбыз сырга жарды.
“Тулпардын кыясын” биз түк билбедик
Аксакал айтканына чын, кирбедик.
“Качанкы жомокту айтат, карыды” деп
Кадимки тарыхты да көзгө илбедик.
Капталдап чыккан болсо өр талашып
“Чукур-Суу”, “Арстан-Сайды” катар басып.
Эр Жаныш таш өбөктөп, жалдан бурдап,
Жалынып жоргосуна милдет артып.
Кууган жоо куйрук улаш такымдады
(Көрбөсөм кесе айтууга акым барбы?).
Капталдай салып уруп өр таяна
“Сандыкка” кайран тулпар чыгып барды.
Башы ошол биз азыркы билген “кыя”
(Ошондон башталат деп айтам буга).
“Сандыктын” түштүк тарап бир капталы
Жанышты “жуткан” аска ошол тура.
Эр Жаныш ошол жерди байырлаган
Жараты улам күчөп кабылдаган.
Кытайдан кырма кызыл дары алдырып
Ичине тинтүүр салып дарылаган.
Ошол жай “Тулпар акур”, “Тулпар Кыя”
(Жараткан биз ыраазы жарлыгына).
Сан кылым сырын катып келе жатат
Айталы асыл жаным бардыгында.
...Жатканда түн ичинде ызы-чуулар...
Чапкандай кылыч, найза... катуу дуулар.
Ат дүбүрт... адам үнү айгай салса,
Угулат созгон кошок... кирген суулар...
Өөрдөштүн өзүнө тең сыры дайын
(Кырылган кыйла жандар кышы-жайын)
Кыйкырык, ызы-чуулар, кошок, ыйлар...
Угулат уктаганда жаткан сайын.
Айылдын турган жери азыр кандай?
Сыртынан сыр алдырбай чөккөн нардай.
Жер асты арбын сөөк казсаң эгер
Кайра эле көмүүгө шаш ары барбай.
Ал айыл тарыхка бай өтө баалуу
Эр Жаныш эл оозунда дале дайын.
Өткөндү изилдесек эл-жер таанып,
Такталмак ал таасындап айткан сайын.
Ак-Көлдүн тоо жак бети толгон көлдү
Кан Жаныш, Байыш экөө келип көрдү.
Куш салып, ит агытып сонорлоого
Илгертен жайлуу үчүн көңүл бөлдү.
Азыр да “Жаныш-Байыш көлү” делет
Жайында кары-жашы көбү келет.
Эс алчу лагерь эле бир убакта
Аталар аста билген аны демек.
Ушундай Чаткал ичи тарыхка бай
(Тааныбай биз жүрөбүз таарынгандай).
Издеген табат дешкен илгеркилер
Илимдин изи түшсө чыгат далай.
Түшүнсө, кийинкилер туура талдаар
Түптөлгөн оюмду айттым, бурадарлар!
Чаткалдын ар бир ташы тирүү тарых
Билгендер барктап аны калыс баалар...
Кайберен баскан ушул тоолор, таштар
(Не билет ал жөнүндө эмки жаштар?).
Эл-жерди эске алуу – эрдин иши
Эстелик бизге дайым улуу Чаткал!
Бакыт Баймырзаев, КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
"Азия Ньюс" гезити