Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус менен ооругандарда жаңы симптомдор пайда болду

Коронавирус менен ооругандарда жаңы симптомдор пайда болду

30-октябрь, 13:27
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Американын Массачусетс госпиталынын изилдөөчүлөрү Эл аралык дерматологиялык коомдор лигасы жана Америка дерматология академиясы менен биргеликте коронавируска чалдыккандар теринин узак мөөнөттүү көйгөйлөрүнө кабылышы мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Окумуштуулар COVID-19 менен ооруган миңден ашык адамдын түрдүү тери илдеттерине анализ кылышты.

Алардын ичинен коронавируска шектелген 224 адам жана вирус тастыкталган 90 адамда 12 күнгө чейин жана андан узакка созулган тери ооруларынын симптомдору байкалган.

Изилдөөчүлөр бармак терисиндеги оорунун белгилери 60 күнгө чейин созулган алты учурду аныкташты. Дагы эки адамда жогорудагыдай эле симптомдор 130 күндөн ашык убакытка созулган.

Telegraph билдиргендей, Эл аралык COVID-19 дерматологиялык реестринде бут терисиндеги оорулар менен катталган бейтаптар да бар. Бул бейтаптардын жарымында жакыны буттун сезгениши байкалып, алардын 16 пайызга жакыны ооруканага жаткырылган.

Илимпоздор буга чейин тери оорусу менен узак убакытка чейин жабыркаган учурлар каттала электигин билдиришкен.


“Марал”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер