Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мар Байжиев: “Мөөнөтү бүткөн президент талапкер катары шайлоого катышса болот”

Мар Байжиев: “Мөөнөтү бүткөн президент талапкер катары шайлоого катышса болот”

03-октябрь, 11:02
1 241 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев агабыз менен маек кылууну туура таптык. Бу жолу биз агабыз түзгөн Кыргыз мамлекетинин Конституциясы жөнүндө сөз болду. Кыргыз эл жазуучусу, аксакалыбыз Мар Байжиев 1993-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары эгемендүү мамлекетибиздин биринчи Конституциясын кабыл алууда “Кыргызстандын президенти мамлекеттин да, өкмөттүн да башчысынын милдетин жана жоопкерчилигин колуна алыш керек, жер аймактары менчикке сатылбасын!” деген пикирин айткан. Жогорку Кеңеш көпчүлүктүн добушу менен кабыл алган Кыргыз мамлекетинин кызыл желегине каршы чыгып, “гимндин сөзүн толукташ керек” деген. 1996-жылы А.Акаев Жогорку Кеңештин курамын эки палатадан түзмөк болгондо, “Слово Кыргызстана” гезитине чыккан “Конституция требует жертв” деген макаласында “мындай түзүлүш президенттин жоопкерчилигин төмөндөтөт, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин укуктарын кыскартат” деп жазган. “Не гнаться за чужими образцами” (СК, 29.11.2002) деген макаласында “Кыргыз мамлекетинин Конституциясын түзүүдө башка мамлекеттердин Башмыйзамдарын кайталабай, кыргыз элинин жашоо салт-санааларынын негизинде түзүш керек” деген оюн айткан. 2003-жылы “Народу нужна крепкая власть и справедливость” деген макаласында “Кыргыз мамлекетинин президенти мамлекеттин да, өкмөттүн да иштери боюнча эл алдында жооп бериш керек” деп жазат. Конституциянын коомдук комиссиясынын мүчөсү катары Башмыйзамга бүткүл элдик курултай институтун киргизүүнү сунушунтаган. 2006-жылы М.Байжиевдин бүткүл элдик курултайдын негизинде түзүлгөн Конституциясынын долбоору “Бишкек таймс” гезитине басылып чыккан (29.09.2006-ж.). 2010-жылы 7-апрелдин трагедиясынан кийин В.Путиндин “кыргыздар дагы бир жолу тырмооктун башын басып алып, сабы чекесине тийди” деген керкакшыгын уламалап, Мар аксакал: “Эми кетменди басып алып башыбызды жарып албасак экен” деп тынчсызданган (“Не наступить бы на кетмень” (СК, 7.05.2010). 

Быйыл 80 жаштагы аксакалыбыз Мар Байжиев улук курултайдын негизинде түзүлгөн Кыргыз мамлекетинин Конституциясынын жаңыртылган вариантын тартуулады.


-- Мар ага, сиз түзгөн Конституциянын биринчи бетинен баштайлы. Мында Кыргыз Республикасынын эмес мамлекетинин Конституциясы (!) деп турат. Муну кандай түшүнсөк болот?

-- “Республика деген латын тилинде качан жана кай жерде болбосун өлкөнүн бийлигин эл шайлаган мамлекеттик түзүлүш. Бул Конституция Кыргызстандын бийлик түзүлүшү эмес, кыргыз элинин тарыхый салт-санаасынын негизинде түзүлдү. Мурдагы Конституцияларда Кыргыз мамлекетинин бийлик булагы жана ээси дегени менен иш жүзүндө бул конституциялык милдет аткарылбайт.  

Элибиз бийликтин булагы жана ээси болбой эле, түбү түшкөн кудугу болуп калбадыбы! Бийликке жетпей чаңкагандар чөйчөктөрү, чакалары менен келип суусундук талашып жатпайбы. Элдин эч кандай бийлиги жок. Алтургай эл өкүлү катары шайланган депутат сессияларда үн катпай үргүлөп отурса да, же кылмыштуу болсо да, ал депуттатты кайра чакырып алууга жол берилбейт! (73-берене). Мына ошондуктан эл-журт айласы кеткенде жолдорду тороп, “кетсин!” деп кыйкырып, аянттарга митингге чыгып, курмандыкка чалдыгып жатпайбы.

-- Мамлекет башчыларыбыз жыл аягында элге кайрылуу жасап атканын байкап келебиз, бу жагын кантип түшүнсөк болот?

-- Бирок, ал отчет маалымат эмес, кайрылуу да! Андагы айтылгандарды ким текшериптир? Сунушталган Конституция боюнча улук курултайга ар бир облустан жана Бишкек шаарынан жүздөн делегат шайланат. 800 мүчөдөн турган улук  курултай президентти он жылга шайлайт. Президент өкмөттүн да, мамлекеттин да башчысынын милдетин аткарат, жыл аягында өткөргөн иши боюнча улук  курултайга отчет берет. Президенттин иштери канааттандырарлык болбой калса, мөөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Он жыл өз милдетин жакшы аткарса, ошол эле президент кийинки он жылга шайланышы мүмкүн. Улук курултай ар бир облустан жана Бишкек шаарынан ондон депутатты беш жылга шайлайт. Жогорку Кеңештин (жыйындын) курамы 80 депутаттан турат. Жогорку Кеңеш мамлекеттик мыйзамдарды кабыл алат жана алардын аткарылуусун көзөмөлдөйт. Улук курултай Кыргыз мамлекетинин Жогорку (конституциялык) сотунун төрагасын шайлайт. Жогорку соттун төрагасы мамлекеттеги акыйкаттуулукту, сот адистеринин жоопкерчилигин көзөмөлдөйт. Жогорку Кеңештин төрагасы жана Жогорку соттун төрагасы ар бир жыл аягында улук курултайдын алдында отчет берет. Эгер алардын иши канааттандырарлык болбосо, иштеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулат. 

-- Прокуратура кимдин карамагында болот?

-Башпрокурорду президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш бекитет. Прокуратуранын адилеттүүлүгүнө Конституциянын кепили (гаранты) президент жооп берет. Демек, Кыргыз Республикасында сот бийлигинин калыстыгына Жогорку соттун төрагасы жооп берет, адилеттигине президент жооп берет. Ошентип бара-бара сот бийлигиндеги коррупция уясынан ажырайт.

-- Сиздин оюңузча, коррупциянын уясы мамлекеттин Башмыйзамында экен да?

-- Азыркы Конституция боюнча мамлекеттик бийликтердин жоопкерчилиги жокко эсе. Ошондуктан жоопкерчиликтин, күнөөнүн барын аткаруу өкмөткө жүктөп жатышат30 жылда 30га жакын премьеринистирди жасоолдору менен Акүйдөн узатышты. 

-- Демек, азыркы партиялык башкаруу системасы жоюлат турбайбы?

-- Партиялар коомдук уюмдар катары өздөрүнүн талапкерлерин улук курултайга да, Жогорку Кеңешке да, Жогорку сотко ж.б. мамлекеттик кызматтарга сунуштоого укугу бар.    

-- Сиздин долбооруңузда гимндин сөздөрүн редакциялап, кызыл желектин оордуна көгүлтүр туу сунуштаптырсыз...

-- 1992-жылы комиссия гимндин текстине белгилүү акын Жалил Садыковдун  жана чыгармачыл акын М.Кулуевдин кошмо сөздөрү ЖКга сунушталган. Мен жетектеген комиссиянын мүчөлөрү бул тексттерге толуктоолор керек деген пикир айткан. Такташ үчүн ЖКнын сессиясында биринчи окуусун өткөрөлү, депутаттардын ой пикирлерин угуп, авторлор менен иштеп чыгалы дегенбиз. Бирок, депутаттар бул тексттерди биринчи эле окууда кабыл алып койду. Андай болгон соң ЖКнын маданият комитети адабиятчы, журналист депутаттарды чакырып, өзүбүзчө талкуулап, авторлорго кеңештерибизди айттык. Анткени өзүңөр билесиңер, гимн деген мамлекет элин биримдикке, патриоттукка чакырган ураан. Тексттин биринчи куплети жөнөкөй гана сүрөттөмө болуп калыптыр. Анүстүнө “Ак мөңгүлүү аска-тоолор, талаалар, /Элибиздин жаны менен барабар” дептир. Бирок, аска-тоолор жан менен барабар эмес да, аска-тоолор элдин жүрөгүндө. Белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбеков “барабар” деген сөз орус көпөстөрүнөн пара-пар   экиге-эки деген сөзүнөн келип чыккан” деген. Гимндин үчүнчү куплети сынга алынды.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

Досторуна даяр дилин берүүгө.

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип

Бейкуттукту берет кыргыз элине.

Бул куплеттин маанисин туура, демилгелүү десек да болот. Бирок “дил” деген сөз араб тилинен келген сөз бул – пейил. Аны досторуӊа берип койсоӊ, өзүӊ пейилсиз каласыӊ. Ал эми “бейкуттук” деген ирак тилинен келген сөз көбүнчө тынччылык, чыр-чатаксыз деген мааниде колдонуп жүрөт. Бирок ошону менен бирге бул сөздү устукандасак: бей – жок, ансыз деген маани башка сөз алдына кошулган префикс: бейбаш – тартиби жок, бейбак – бактысыз, ж.б. Кытай тилинен келген “кут” деген сөз – асмандан, демек, Кудайдан түшкөн жакшылык. Экөөнү бей+кут деп кошкондо жакшылыксыз деген мааниде болуп калат экен.

Бейкуттук деген сөздүн маанисин алмаштырыш керек” деген пикир айтылып, мага редактор катары иштеп чыгуу тапшырылган. Жалил Садыков экөөбүз илгертен бери автор-редактор катары иштешкенбиз, тажрыйбабыз бар эле Гимндин текстине оңдоолорду киргизип, кийинки сессияга акыркы вариантын сунуштайлы дегенбиз. Бирок, атаганат, бир аздан соң биздин парламент мөөнөтүнөн мурда тарады. Жаңы түзүлгөн парламент башка иштерге өтө алаксып кетип, гимн жөнүндө сөз болбой калды. Колуңардагы оңдолгон гимндин тексти.

Бул долбоорго гимндин Ж.Садыков менен иштеп чыккан тексти кирди. Музыкасында улук дастандын шаңы угулуп турган соң, биринчи куплетине “Эр Манас бириктирген кыргыз элин” деген сөздөрдү кошууну туура таптым. 

-- Кыргыз Республикасынын кызыл желегинин ордуна көгүлтүр желек сунуштаптырсыз...

-1992-жылы Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын туусунун эки түрүн талкуулаган: бири ортосунда түндүгү бар кызыл байрак, экинчиси ортосунда түндүгү бар көгүлтүр байрак. Депутаттардын бир бөлүгү көгүлтүр тууну жактырды, анткени кыргыз бозүйүнүн түндүгү ааламга, асман мейкиндигине чыгуунун белгиси (!) дешти. Башкалар кызыл тууну жакташты. Алар Манастын туусу кызыл болгон деп чыгышты. Добушка койгондо “кызылдар” жеңди.

Манастын доорунда кыргыз эли Көкө Теңирге сыйынып, көгөргөн асманды, ак мөңгүлүү, жайлоодо жашаган журтка ак, көк, жашыл түстөр ыйык жана таасирдүү болгон.

Көпкөк желек туу менен,

Кыйкырык, ызы-чуу менен,

“Кыргыздаган! ” – чуу менен,

Кыраан Манас жөнөдү... - дейт Сагымбай Манас Алтайдан эл журту менен өз мекенине жол тартканда. Кан түстүү кызыл туу согуштун белгиси болгон. 

Кызылды Манас кийиптир,

Кытайга кылаар каары бар.

...Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган чуру-чуу.

Манас кандын кызыл туу,

Ажыбайга тапшырып.

Кыраандардын баарысы,

Урушка кирди жабылып,

Кызыл туу менен чоң казатка чыккан Манас чоролору менен курман болуп, эгемендүү каганаты кулайт.

Кыргыздын залкар акыны Тыныбек Чыңгызхандын чабуулун төмөнкүдөй баяндайт:

Жетим бала жесирди,

Чуркуратып ыйлатып,

Ак асаба, кызыл туу,

Ай ааламды кан баскан,

Көк асаба кызыл туу, 

Көл дарыя кан баскан.

Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Ормон хандын уулу Төрөгелди Бугу уруусуна кол саларда “Бугунун четинен бир бечараны кармап келишип мууздап, туусун кандап алып жөнөдү” дейт.

Советтер союзунун орок-балка, жылдызы бар кызыл туусу социализм капитализмге каршы эмгек менен согуш жарыялаганынын белгиси болгон.

-Башка мамлекеттердин кызыл туулары бар да, аларды кандай түшүнсөк болот?

-- Ооба, бар. Бирок ал кызыл тууларда түндүк жок да! Түндүктөн кыргыз эли көгүлтүр асманды, жылдыздарды көрөт. Кут жылдыздан жакшылык күтөт.

Түндүгү өрттөлгөн кызыл туубуз жакшылыктын белгиси болгон жок. 2010-жылдын 7-апрелинде кызыл туу желбиреген аянтта кан төгүлдү, түштүк тарапта үйлөрдүн, имараттардын түндүктөрү өрттөлдү, канга боёлду. 

-- Биз сөздөн сөз чыгып тууга өтүп кеттик. Сиз түзгөн Конституцияда дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?

-- Мурдагы жана азыркы Конституцияларда “жер, анын кен байлыктары, суулары жана башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет” деп жазылган. Ошондуктан Кыргыз Республиканын башчылары кыргыз жерин, кенин сууларын ж.б. байлыктарын сатып, тытып жатпайбы. Мисалы, Кумтөр, Жерүй, Нарын, суулары, түштүктөгү ГЭСтер ж.б. Менин долбоорум боюнча “Кыргызстандын жери, кени, суусу ж.б. жаратылыш байлыктары Кыргыз Республикасынын (түзүлүшүнүн) менчиги эмес, элинин менчиги, мамлекет тарабынан корголот жана сакталат” деп жазылган. Демек, Кумтөр Ысык-Көл элинин менчиги, Жерүй – Таластыкы, Нарындын суулары – Нарын элиники… 

-- Сиздин долбооруӊузда (8 эреже) мамлекеттик каттоодон өткөн диний конфессиялар (мусулмандык, христиандык ж.б.) коомдук бирикме катары мамлекеттик башкарууларга өз талапкерлерин көрсөтүүгө укугу бар экен.

-- Ал конфессиялардын талапкерлери улук курултайга, Жогорку Кеӊешке, Жогорку сотко, президентке, министрликтерге ж.б. мамлекеттик башкаруу кызматтарга көрсөтсө, ал кудайчыл адам мамлекеттик иш милдетин диндин эмес, Конституциянын негизинде аткарат.

-- Кээ бир бизнесмендер миӊдеген долларларын сарпташып, кол тийбестикке ээ болуш үчүн депутаттыкка барганы белгилүү.

-- Бул долбоордо кол тийбестик калтырылды, бирок кол тийбестиги бар адамга сот күнөө койсо, анын кол тийбестик укугу күнөөсүн оорлотуучу кырдаал катары эсептелет (39 эреже 6.)

-- Долбоор боюнча шайлоолор жана мыйзамдарды кабыл алуу өз атын атаган ачык добуш менен өткөрүлөт экен...

-- Кыргыз элинин салт-санаасында “ачык айтып, ак сүйлө” деген насаат бар. Шайлоого добуш берген жарандын, мамлекет бийлигинин ишине баа берген курултай делегаты мыйзам чыгарып, анын аткарылуусун көзөмөлдөгөн депутат эмне үчүн өзүнүн ой-пикирин жашыруун бериш керек? Шайлоолордогу халтуралар ошол жашыруун добуштан чыгып жатпайбы!

-- Азыр биометрикалык белги дегенди киргизишти...

-- Демек, шайлоого барыш үчүн колго түшкөн кылмышкердей болуп майланышкан беш манжамды кагазга басып берет экенмин. Мындай болсо, баягы халтура, көз боёчулук, пара берүү, добуш сатуу ого бетер күчөйт да! Бул кимдин сөөмөйү, кимдин чыпалагы экенин текшергенге канча убакыт, канча каражат кетет? Маалыматтын чын-калпын кантип текшерет? Баш айланткан соттошуулар башталат. 

-- Элдик курултайга негизделген сиздикинен башка да долбоорлор жарыяланганын билерсиз?

-- Ооба, билем. Аларды эске алдым. 

-- Бирок мындай Конституцияга президент да, өкмөт башчылары да, айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттары кайдыгер карап, алтургай каршы да чыгып жатышпайбы, бул жагы кандай болуп калды?

-- Алар “элдик курултай мамлекеттик бийликтердин, Жогорку Кеңештин иштерине кийлигишип, бийлик укуктарынан ажыратат” деп чочулашат. Мен түзгөн долбоор боюнча алардын укуктары да, жоопкерчилиги да эки эсе өсөт. Президент  мамлекеттин да, өкмөттүн да башчысы болот. Жогорку соттун төрагасы сот бийлигинин калыстыгын көзөмөлдөйт жана сот адистерин да башкарат, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт,   чечимин чыгарат. Ал эми улук курултай алардын ишине да, укуктарына да кийлигишпейт. Бар болгону мамлекеттик үч бийликтин башчыларын шайлайт, көзөмөлдөйт, жыл сайын отчетун угат. Иши канааттандырарлык болбосо, мөөнөтүнөн мурда бошотот. 

-- Эгер сиздин долбооруңузду эл колдосо, бул Конституция кандай жол менен кабыл алынат?

-- Азыркы Конституциянын 141-беренеси боюнча 61 депутат, же 300 миңден ашык шайлоочулардын 3-4-5-6-7-8-беренелерди өзгөртүүгө укугу бар. 

-- Азыркы президентти партиялар эмес, эл шайлаган. Анын мөөнөтү бүткөндө кайра президент болуп калышы мүмкүнбү?

-- Толук мүмкүн! Мөөнөтү бүткөндө президент жашы туура келсе, кезектеги шайлоодо талапкер катары катышууга толук укугу бар.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер