Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер: “Ажылыкка жөө же арык төө менен баруу керектиги жазылган”


-- Умрага барышып, анан "ажы той" берүү ысырапкорчулук эмеспи? Негизи эле ажылыкка баруудагы киреше-чыгашалар көзөмөлдөнөбү? Эмнеге ачык маалыматтар айтылбайт?
-- Бул көптөн бери айтылып келаткан маселе. Негизинен Куран китепте “момун мусулман адам Мекке-Мединага ажылыкка, умрага жөө же арык төө менен барышы керек” деп жазылып турат. Жөө барганда жолду катар көрбөгөндү көрүп, азап-тозокту башынан кечирип, акылына акыл кошулуп, бүткүл мээнети менен барып атат. Ал эми төө менен барганда төөнү ошол жерде курмандыкка чалат. Бу жерде эч бир ысырапкорчулук жокко тете. Ал эми азыркылардыкы уят эле иш болуп атат. Балдары таап берген акчага дардайган самолетторду минип алып барышат. Барганы аз келгенсип арабдарды байытып атышат. “Мусулмансыңбы? Кой сатып бер бизге. Кедей-кембагалдарга таратабыз” дешет экен. Андан сырткары, ошол жактан толтура теспелерди, жайнамазды, зам-зам сууну алышат. Ошонун баары акча болуп атат да. Анын ордуна ошол жакка кеткен каражатка ата-энесин санаторийге, курортко дарылатып, саламаттыгын чыңдап берсе болбойбу? Ошого кеткен акчага “жер кыдырып, саякаттап келгиле” десе болбойбу?..











