Акыркы кабарлар
» Коом » Актилек Гүлжигит кызы: “Аллах, мени шайтандан, шермендечиликтен сакта!”
Актилек Гүлжигит кызы: “Аллах, мени шайтандан, шермендечиликтен сакта!”
24-декабрь, 13:21
2 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌"Аллах, билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир, жүрөгүмдү таза кармаганга, напсимди тыйганга жардам бер. Ыйманымды бекемде. Шайтандан, ширктен сакта. Сага гана ишенем, Аллах. Эл, жер тынч болсун, эл менен кошо биз аман бололу. Элден чыгып калуудан, шермендечиликтен, куру дооматтан, бөөдө кырсыктан, кызуу кандуулуктан сакта. Ата-энем, жакындарым саламат болсун. Балдарымдын өмүрүн узун кылып, ырыскысын кемитпе. Уулдарыма ыйман, ынсап, оомат бер. Тапкан-тутканым берекелүү болсун. Мусулман болгонума шүгүр, берген ырыскыңа шүгүр, көргөн күнүмө шүгүр. Эртеңки күндү да насип кыл! Аминь" деп Актилек Гүлжигит кызы тилек кылды.