Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата Мекен” парламенттик шайлоого баруудан баш тартканы калдыбы?

“Ата Мекен” парламенттик шайлоого баруудан баш тартканы калдыбы?

10-июль, 01:16
996 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы апаатты эске алышкан Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршы чыгышты. Баракелде! “Атамекенчилер” бир ооздон патриоттуулук таламын талашкандай түр көрсөтүштү. А бийлик моюн толгоп, мыйзамга жараша саясый иш-чараны өз убагында өткөрүүгө шашылган кези. Мындай шартта эмне кылуу керек? Аныгында, “атамекенчилер” парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршы чыгып алышты, натыйжада, өздөрү кайра катышууга билек түрүшсө эмне болот? Бул жагы чатак го! Эл баарын карап турат. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” демекчи, эми “Ата Мекен” партиясы бийик басып, үлгү көрсөтүп, чыныгы элдин кыйналуусун тең бөлүшүү менен Жогорку Кеңешке карай мандат талашуудан баары баш тартышса керек. А болбосо Никитенко, Момбеков жана Акаевдин сөздөрү жеңил пиар, популизмдин жеткен чеги болуп калат да, туурабы“Айтылган сөз – атылган ок” дечү эле. Эмесе, күтө туралы.

Aryba.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер