“Кымбатчылык көйгөйү курчуй берет, жакырчылыктан жакында чыга албайбыз”

“Жыл өткөн сайын кымбатчылык көйгөйү курчуп баратат. Элдин жашоосу начарлап, жакырчылыктан чыга албай турабыз. Качан жашоо оңолот, эмне кылуу керек?” деген суроо салдым.
Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору, профессор:
-- Элибиздеги кымбатчылыкты, жакырчылыкты жок кылып, жашоону оңдой турган өкмөттүн айныксыз иши. Мен мындай деп айтайынчы, кайсы гана өлкө болбосун инфляция 2 пайыздан ашкандан кийин “каатчылык келди” деп түшүнөт, чара көрөт, бул эч кандай жаңылык эмес. Бүткүл дүйнөнүн мен-мен деген экономисттери, финансисттери эчен ирет таржымалын карашып, кедейчилик – эл башындагы мүшкүл иш экенин тастыкташкан. А биз 30 жылдан бери кризистен арыла элекпиз. Себеби, инфляция 2 пайыз эмес, 8-10 пайыздан ылдыйлабады. Буга кошул-ташыл биздин жарандарыбыздын ишке жарамдуулар арасынан жумушсуздук 60 пайыздан ашса ашат, кемибейт. Негизи 6 гана пайыздын тегереги болуш керек. Өнүгө турган мамлекеттин элдери башка жерге жумуш издеп качып кетпейт. Өзгөчө Манастын тукуму чыккан өлкөдөн... “Бюджеттин тешигин бүтөп атабыз” дегени менен инфляциянын тешигин чоңойтуп салышты. Экөө эриш-аркак жүргөн нерсе. А биздин өкмөттүн сүйлөгөн сөзү Кумтөр, алтын, “бюджетти 300-400 миллиард кылдым” дейт. Ал эми тентиген эл, жакырчылыкка батып бараткандар менен эч кимдин жумушу жок. “Светтин баасын көтөрүш керек” дешет. Ээ кокуй, жакырчылыкты, каатчылыкты ушинтип жоёбу? “Свет өчтү” дегени – элди огобетер жакырчылык туңгуюгуна такады деген эле кеп. Үйгө келсе свет жок, муздаткычы иштебейт, балдары ачка, тамак бышырып берейин десе шарт жок. Үйдүн ичи айрыкча кыш мезгилинде муз менен таш. Эртеси балдары, өзү ооруп доктурга жатат. А жерде да свет жок болсо, бул эмне деген жашоо?
Инфляция бир ууч гана адамды байытат, көпчүлүк элди жарды кылат. Жардылыгынан көпчүлүк эл мурун колдонулган машине минип жүрүшөт. Заводдон сыясы кургай элек машинени мага окшогон карапайым эл минбейт. Аны бир ууч көпөстөр гана минишет. Кыргызстандын ичи колдонулган машинелерге толду. Аны кээ бирөөлөр байлык катары айтышат, ал байлык эмес. Эгер өз күчүбүз менен машине чыгарсак, же өзүбүз барып заводдон жапжаңы машине сатып алсак, ошону айтат “байлык” деп.
Эгемендик алгандан бери бюджеттин орчундуу жерин толтурган завод же фабрика кура алдыкпы? Жумушсуздукту азайта алдыкпы? Жок! Демек, жакырчылык көйгөйү жакынкы арада оңой эле чечиле койбойт.
Уланбек Качибеков, айыл чарба илиминин кандидаты, доцент:
-- Берген сурооң өтө көйгөйлүү жана мааниси жагынан биринчи орунда турат. Бул маселе мындан ары дагы курчуйт, жакырчылык токтобойт, тилекке каршы, күчөйт! Сурооңо кыскача жооп берүү мүмкүн эмес, себеби 30 жылдын ичинде (эгемендүү болгонубуздан баштап) өзүбүздүн сааттай иштеп жаткан системабызды толугу менен талкалап салдык! Жаңы, бирдиктүү система кура алган жокпуз. Ар бир эси бар адам жаңы үй куруп, анан эски тамын демонтаж кылат, буздурат. 30 жылдын ичинде элинин курсагын зорго тойгузуп жаткан, миллиарддан ашык эли бар Кытай космосту багындырып, экономикасы боюнча дүйнөдөгү биринчи мамлекеттердин катарына кирди жана тездик менен дагы өнүгөт. Өнүгүүсү токтобой, шумдук ылдамдыкта алдыга кетип баратат. Биз болсок болгону 6 миллион калкыбыз бар гүлдөгөн мамлекеттин күлүн сапырып салып, жарга келип такалып турабыз! Кептин баары башчылардан жана башкаруудан! Биз качан жакырчылыктан чыгабыз? Журт башчыларыбыз арканды алыс таштап, патриоттук сезимде иш алпарып, элдин, жердин бүтүндүгүн ойлоп, кыргызга балта чаап аткан бир ууч коррупционерлерден тазаланып, мыкты, “арты” таза кадрларды өстүрүп, жаштардын келечегине кам көргөн учурда жакырчылыктан чыгабыз.
Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:
-- “Кымбатчылык, жакырчылык келип атат” дегендин эки себеби бар: биринчиси, бүткүл дүйнөлүк ковид оорусу. Мындан баардык мамлекеттер жапа чегип жатышат. Кээ бир мамлекеттерде бир күндүн ичинде 250-300 миңге жакын адам вируска кабылып атканын угуп атабыз. Ошол эле учурда күйүүчү майлар, энергетика кымбаттады. Бул кымбатчылык дүйнө жүзүн каптады, анын ичинде Кыргызстан да бар. Албетте, бизге өтө оор сокку болууда. Себеби, биздин экономикабыз төмөн, баардык жакта жумушсуздук, коррупция өрчүп кеткен, миграция көп. Элибиз муктаж болгон, күнүгө керектелүүчү товарлардын басымдуу бөлүгү сырттан келет. Анүстүнө дүйнө жүзүндө тынчтык жок. Афганистан, Иран, Сирия, Украина менен Россия мамилесин алалы. Бу да болсо Кыргызстанга кандайдыр бир таасирин тийгизбей койбойт. Экинчиси, мамлекетибиздин ички жакырчылык маселесин алалы. “Өкмөт аракет кылган жок” дегенден алысмын. Эң ириде өзүбүз, жеке адамдар ысырапкорчулуктан кетип, үнөмдүү жагына өткөнүбүз оң. Ашыкча той-топурду кредит алып өткөргөндү токтотолу. Кымбат баалуу, майды көп иче турган машинени мингенден алыс болуп, куру намыстанбай жашайлы. Эми айтып отурса толтура...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити