Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Лилия Пантелеева: «Депрессияга кабылгандардын саны көбөйдү»

Лилия Пантелеева: «Депрессияга кабылгандардын саны көбөйдү»

18-октябрь, 21:14
1 370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Психикалык саламаттыкка көңүл буруунун мааниси артууда

-- Эл аралык изилдөөлөргө ылайык дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы зордук-зомбулук көбөйгөн. Анын негизги себептери катары карантинде отурган үй-бүлөлөрдө стресс, депрессия күчөп, ар кандай чыр-чатактарга алып келгени айтылат. Мындан улам жаңы реалдуулук шартында коомдо психикалык саламаттыкка маани берүү ого бетер артууда. Психикалык саламаттык психикалык жактан ооруу дегенди билдирбейт. Ар бир адамдын психикалык саламаттыгы – бул социалдык, каржылык жыргалчылыгы. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн психикалык саламаттыгыбызга кам көрүшүбүз керек.  


Жарандардын психикалык салматтыгы канааттандырбайт

-- Бүгүнкү күнгө биздин жарандар жеңил эмес учурду башынан өткөрүшүүдө. 2020-2021-жылдардагы пандемия шарттары, Баткен окуялары, өлкөдөгү түрдүү саясый өзгөрүүлөр буга таасир эткен. Мындан тышкары, маалымат агымы күчөп, ар тараптан маанайды чөгөргөн жаңылыктар курчап алды. Адамдын психологиясы позитивдүү маанайдагы маалыматтарга караганда, көңүлдү чөктүрө турган негативдүү билдирүүлөрдү тез кабыл алат. Ал эми бул ар бир адамдын коопсуздугуна тийешеси бар болгондуктан, адамдар кабатырланып, тынчсыздануусу пайда болот. Мунун билим берүү, саламаттык сактоо процесстерине дагы тийешеси бар. Андыктан бул темага көңүл буруу – күндүн талабы.  


Ар бир жаран туруктуу мамлекетте жашагысы келет 

-- Бизге кайрылгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Акыркы кезде айрыкча тынчсыздануу, паникага алдырып, чабуулдарга кабылгандар, уйкусуздук жана депрессияга тушуккандардын саны арбыды. Балабы, чоң киши болобу, стресс, депрессия болгон учурларда алардын психикасы жабыркайт, аны күчөтүп албаш үчүн Америка, Европа мамлекеттеринде убагында психологиялык жардам алышат. Бирок, бизде психиатрга барганды өөн көрүшөт. Себеби, бизде жогорку деңгээлде түшүндүрүү иштери жокко эсе. Чындыгында психиатрга көйгөй болгондо эмес, кайсы бир маселенин алдын алуу, аны болтурбоо үчүн барып туруш керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер