Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаровдун балдарын сабаткан Сегизбаев, Сүйүмбаев, Абдыкаров сүттөн акпы?

Жапаровдун балдарын сабаткан Сегизбаев, Сүйүмбаев, Абдыкаров сүттөн акпы?

19-октябрь, 15:42
10 728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы Садыр Жапаров мекенине кайтып келатканда тарапташтары тосуп алууга камынышат. Тилекке каршы, аларды милиция кууп таратат. Нааразычылык башталганы эсибизде. Садыр Жапаров кармалат. Туугандары, колдоочулары УКМКга келишкенде, атайын кызматтын, милициянын операциясы менен чагымчылык уюштурулат. Албетте, бул жагымсыз эле. Акцияга келишкен колдоочуларына орган кызматкерлери аралашып кетишип, көз будамайлашып, милицияга таш ыргытуу, кол салуу сыяктуу ыплас жоруктарды жасашат. Ошондо чагымчылык болгонун коомчулук түшүнгөн. Натыйжада, Садыр Жапаровдун балдары аёосуз сабалып, бир тууганын баш кылуу менен баарын камашат. Агездеги УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Сүйүмбаев, ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров болушуп, дал ушул ыплас көрүнүштү уюштурушканы жалганбы? Кантип танабыз? Эмне үчүн булар байлыктын үстүндө манчыркашып, жоопкерчиликке тартылбай жүрүшөт? Үчөөнүн арты казылса, далай былыктар чыгат эле...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер