Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз ТЕМИРБЕК: “Отунбаева ООНдо сөз сүйлөп жүргөндө, Мавлянова базарда байпак сатып отурчу”

Алмаз ТЕМИРБЕК: “Отунбаева ООНдо сөз сүйлөп жүргөндө, Мавлянова базарда байпак сатып отурчу”

10-декабрь, 21:11
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Махабат Мавлянованы транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымдыгынан комитет мүчөлөрү 100% ишеним көрсөтпөй кетиришти. Буга чейин мындай болгон эмес. Ханга кастык кылгандар четинен шерменделери чыгып, абийирлери кетүүдө. Өткөндө бүлүнгөндөн бүлдүргү алба дегенди уруп ойнобой, Атамбаевдин мүлкүн бөлүштүргөн идеяны айтып бакылдады эле. Андан соң Отунбаевага акыл айтты. Чындыгында, Отунбаева ООНдо сөз сүйлөп жүргөндө, Мавлянова базарда байпак сатып отурчу. Айырма, деңгээл деген баары бир, кааласак, каалабасак да бар...
 Бүгүнкү күндө ашынып бараткан... Бүгүнкү күндө терс аяктанып жатканда, кечээги күнүн артка кылчайып карап коюш керек эле... Бүгүнкү күндө канаты барлардын баары уча бере турган болгондо тоок деле учат эле го... Кыскасы, бүгүнкү күндө баары кызык болууда. Бүгүнкү күндө үлкөндөр эртеңки күнүн ойлонбой бүгүнкү күн менен жашап жатышат
”,-деп журналист Алмаз Темирбек Фейсбук баракчасына какшык аралаш сындап, спикер Дастан Жумабековдун “Бүгүнкү күндө” деген төл сөзү менен мазактоо катарында согуп өтүптүр. 


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер