Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдирасулованы сүйрөп таанылып, анан Тик-Токту “жарган” Тилек Тюкебаев

Азиза Абдирасулованы сүйрөп таанылып, анан Тик-Токту “жарган” Тилек Тюкебаев

03-июнь, 17:08
4 929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи күч органдарынын жетекчилери салабаттуу, баскан-турганы менен үлгү көрсөткөн, кыраакы адистер болушу кажет. Тилекке каршы, бизде адашкан погончондор арбын. Мисалы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы аянттан сүйрөп, элге аздыр-көптүр таанылган Тилек Тюкебаевди алалы. Свердлов РИИБнин начальниги. Бул эргул аз күн мурда Тик-Токту “жарып”, артисттер менен бийлеп жүргөнү кандай? Жумушун кыйратып салгансып, чардаганын карачы! Жооптуу кызматтагы жетекчи ириде иши менен көрүнүп, андан соң эс алса бир жөн. Тилекке каршы, Тюкебаев жеңил пиарга азгырылып, майда-барат ишмердигин соцтармакка жарыялап келет. Кээде кызматкерлери паракорчулукка айыпталышып, камалып кетип атканына баа беребизби? Кыскасы, абалардын колдогону менен эле улам бир кызматты алмаштырып, доор сүрүп атат да. Эгер артында колдоочусу жок болсо, Ысык-Көлдүн бир районунда ПОМду кайтарып, ышкырып жүрөт беле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер