Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат СЕЙТЕК уулу: “Чыгармачылыктын казанына жандуу кайнап, обон жаратып, аны ырдап, клип тартам”

Рахат СЕЙТЕК уулу: “Чыгармачылыктын казанына жандуу кайнап, обон жаратып, аны ырдап, клип тартам”

21-октябрь, 14:48
1 174 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Булакта”, “Сагынып кетем көрбөсөм”, “Өтүнүч”, “Энеме”, “Атама”ж.б. көптөгөн ырлары менен эл оозуна алынып калган Рахатбек Сейтек уулу 28-октябрь күнү филармониянын чоң залында чоң концерт берүү камылгасын көрүп жаткан кези экен. Капыл-тапыл жолугуп калып иним менен маектеше кеттик. Мыкты тамада, обончу, аткаруучу катары 3-4 собол таштап жообун алдым. 

-- Рахат, 28-октябрь күнү филармониянын чоң залына чоң концерт берейин деп кам көрүп атыпсың. Бул эми ашуудан берген отчетпу?

-- Жок, Сурат ага, бул тек гана мындан 30 жыл мурун алгачкы обон жазып, эл алдына алып чыккан учур экен. Андан бери бир далай обондорду жаратып, бирок калың журттун катмарына, ыр ышкыбоздоруна кенен жайыла эле болчу. Эстеп көрсөм, 2004-жылы концерт бергем. Быйыл учкай эле санап көрсөм 80ден ашыптыр. Көбүн ырчылар ырдап жүрөт. Элге атым чыксын, же концерт аркылуу тыйын-тыпыр таап алайын деген деле оюм жок. Чыгармачыл адамдын жандүйнөсү жөн жатпайт экен... 

-- Бир карасаң эч бир музыкалык сабаты жоктор деле бир ырды шөкөттөй салып, ырчы болуп калып атат...

-- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 1983-жылы андагы Кызыл-Аскер, азыркы Боогачы атындагы мектепти бүтүп, эки жыл армияда кызмат өтөп, кийин Токмок шаарындагы маданият техникумунда хор дирижеру бөлүмүн аяктагандан кийин обон чыгара баштагам. Музыкалык сабатым жок эмес. Жеткиликтүү десем жаңылбайм, Кудайга шүгүр!

-- Концертиңдин форматы кандай болот?

-- Концертке белгилүү, эл жакшы тааныган Саламат Садыкова, Майрам Дүйшекеева, Аскат Мусабеков, Улан Качкыналиев, Алтынбек Каленов, Токтобек Асаналиев, Үч-Теректин үч кызы, “Назик” бийчилер тобу, Гүлмира Жолдошева, Дамира Ниязбекова ж.б. ырчылар катышат. Өзүм комуз, аккордеондун коштоосунда жана эстрада жаатында шөкөттөлгөн ырларым менен чыгам. Мындан сырткары, поэзия, көркөм окуу жагы болот. Өзүңүз байкагандай, форматы өтө жөнөкөй, эң негизгиси, ыр ышкыбоздоруна жүрөгүмдөн чыккан ырлар жүрөктөрүнө жетсе деген изги тилек. 

-- “Той да болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, ушуну менен токтоп калбасаң керек?

-- Туура айтасыз, концерттен кийин КТРКнын жаңыланган, заманбап үлгүдөгү концерттик залында бир аз башкача форматта концерт берем. Ал жерде өзүм жалгыз чыгармачылык кече өткөрөм. Аттуу-баштуу калыстар отуруп өздөрүн ой пикири, сындар айтылат. Токмок шаарына, Ат-Башы айылына концерт берүү пландары да жок эмес. Аткаруучулук жаатында болсо “Арпанын Ала-Тоосунан” аттуу ырга клип тарттырсам деген оюм бар. Даярдыктар жакшы. Өзүмдүн туулуп өскөн жерим Ат-Башы өрөөнүнөн тартылат. Бир сөз менен айтканда, мындан ары чыгармачылыктын казанына жандуу кайнап, обон жаратып, аны ырдап, клип тартуу мезгили келди. 

-- Той башкаруу, тамадалык кызмат эмне болот?

-- Буга чейин көптөгөн маданият үйлөрүндө иштеп, бир топ жаш муундарды тарбияладым. Алды эл алдына чыгып, калың журттун катмарына таанылып калды. Кийинки кездери сиз айткан тамадалык кызматты аркалап келем. Менин той алпаруу ыкмамды жактыргандардын саны арбын болууда. Элде той эле болуп турсун. Той – токчулуктун, бардарчылыктын символу эмеспи. Андыктан тамадалык ишим токтобойт, элдин кызматына ар дайым даярмын.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер