Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Айыл чарба министри начар иштегенинен дыйкандар кыйынчылыкка кабылышты”


-- Акылбек Тогузбаевич, дыйкандар боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Алардын көйгөйүн кантип чечүү керек?
-- Өзүңүздөр билгендей, жайдын күнү эгинди мөндүр уруп кеткен. Буудайды, жүгөрүнү да... Дыйкандар жазында кредитке үрөн, жер семирткич сатып алышып, эгин эгишип, жайды жайлай сугарышып, эми сатууга келгенде, бала-чакасына нан, чай, кийим-кече алабыз (!) деп турушканда, баалар такыр төмөн түшүп кетти. Картошка атүгүл 8-10 сомдон өтпөй жатат. Мурда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна мамлекеттерге кетчү эле. Быйыл болсо чек аралар жабылып, товар сыртка кетпей, ошонун кесепетинен баа төмөн болууда. Дыйкандар кредитин төлөй алышпай, “сатып төлөгөнгө же малыбыз жок, биз эмне кылышыбыз керек?” деген кайрылуулар болуп жатат. Ошон үчүн мен бүгүн маселе көтөрдүм. Кеңешмеге айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү келиптир, алардан да сурайбыз.
-- Дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштерди дүңүнөн алуу, сырт жактарга сатууну уюштуруу маселеси эчактан бери коюлуп калатат. Сиздин оюңузча, муну ишке ашырууга эмне жолтоо болууда?
-- Тармактык министрлерден чечкиндүү аракет жетпей жатат. Президентибиз “казынада каражат бар, дыйкандарга жардам беришибиз керек” деп айтууда. Тийешелүү министрликтердин жетекчилеринин ишти алып баралбагандыгынан эле дыйкандарыбыз кыйналууда.
-- Айыл чарба министринин иши канааттандырабы сизди?
-- Канааттандырбайт. Өзүмдүн жердешим болсо дагы муну ачык эле айтам. Иши канааттандырарлык эмес. Ошон үчүн дыйкандарыбыз кыйынчылыкка кабылды.










