Акыркы кабарлар
» Коом » Акыйкатчы: “Россияда миңден ашык кыргызстандык абакта отурат”
Акыйкатчы: “Россияда миңден ашык кыргызстандык абакта отурат”
08-июнь, 18:54


Ушул тапта Россиянын абактарында соттолгон же убактылуу тергөө камак жайларында отурган миңден ашык кыргызстандык бар. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 8-июнда парламентте омбусдмендин жылдык баяндамасы угулуп жатканда айтты.
Акыйкатчы Россияда 18-25 жаштагы кыргызстандык улан-кыздар баңгизат менен аябай көп камалып жатышканын билдирди. Мыйзам боюнча чет өлкөдө сот чечими чыккандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу иштери менен башкы прокуратура алектенет. Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Россияда иштеп жүрөт.










