Акыркы кабарлар
» Саясат » Губернатор Эркин Тентишев баласы үчүн “Ынтымак” партиясына жан тартабы?
Губернатор Эркин Тентишев баласы үчүн “Ынтымак” партиясына жан тартабы?
15-октябрь, 18:49
1 376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишевдин баласы Бакыт Тентишев “Ынтымак” партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна баратса, атасы административдик ресурсту пайдаланбай, ак иштей алышы мүмкүнбү? Кантип ишенебиз? “Кол ийрисине тартат” деген кеп бекер чыкпагандыр. Азырынча күмөн санап турабыз. Негизи үй-бүлөсү менен мансапка жулунгандарды да көргөнбүз, аягы эмне болгонун. Эркин Тентишев бакыйган облусту жетектеп отургандан кийин баласын тыйып, “бийликке сөз тийип калбасын” таризинде арканды алыс таштаса, топук кылса не? Өткөндөн сабак албайт экенбиз да.
"Азия Ньюс" гезити