“Ысык-Көл” турфирмасынын ээси: “Пайда тапкан жокпуз. Кышында биз ачкадан өлөбүз”
Быйыл Ысык-Көл облусунда эч ким акча тапкан жок, алтургай чыгымдарды жабууга акча жетпейт. Өтүп жаткан туристтик сезондун мындай жыйынтыктары менен “Чолпон-Ата” туристтик фирмасынын директору Кубан Команов “Вести кж” сайты менен ой бөлүштү. “Биз келтирилген зыяндын масштабын эсептей элекпиз, бирок эч кандай пайда жок экени ансыз деле белгилүү. Буга чейин биздин туристтик агенттикте 10дон ашык адам иштесе, быйыл экөөбүз эле болдук. Көптөгөн туристтик фирмалар дагы деле ачыла элек. Ушундай эле көрүнүш пансионат жана эс алуу үйлөрүндө да болууда. Июнь жана июль айларында такыр жумуш болгон жок, август айында бир нече адам гана келди. Негизинен бишкектиктер гана келишти, бирок алар арзан эс алышты. Көптөгөн эс алуу үйлөрүндө баа минимумга чейин төмөндөтүлдү. Пансионаттар ашканаларын, барларын жаап, жалданган жумушчулардын санын бир топ кыскартууга аргасыз болушкан. Кичинекей конок үйлөрдүн ээлери өздөрү тазалык кызматкери болушту, адамдарды жалдаганга акча жок” деп белгиледи Кубан мырза.
"Азия Ньюс" гезити