Жусупбек Коргонбай уулу, ЖК депутаты: “Түрмөдөгү тагдыры талкаланган аялдарды көрдүм”


-- Жусупбек мырза, бүгүн мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тийешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, ага “Мекенчил” тобунан сиз да кирдиңиз.Анын түзүүгө эмне себеп болду?
-- Анын түзүүнүн демилгечилеринин бири менмин. Анткени, мен депутат болгонго чейин да, кийин дагы көп жарандар келип кайрылчу болду. Ошондон улам кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору менен колониялардын бир-экөөнү кыдырып келдим. Аялдар колониясында да болдум. Тагдыры талкаланып, өзү камакта, кичинекей баласы балдар үйүндө жаткан аялдарды көрдүм. Андайлар тилекке каршы, өтө көп экен. Ошол таанышуу учурунда кээ бир жагдайлар боюнча тергөө иштери адилеттүү жүргүзүлбөгөндөй, экспертизалардын жыйынтыктары күмөндүүдөй сезилди. Ким чыныгы кылмышкер, ким кокусунан кылмышка аралашып калганы көрүнүп турат да. Бир-эки Баатыр энени, үчүнчү стадиядагы онкологиялык ооруга чалдыгып, кашы, чачы түшүп калган эжени көрдүм. “Эмне үчүн чыгарбайсыңар?” деп сурасам, “анүчүн төртүнчү стадия болуш керек” дешти. Төртүнчү стадияны болсо өзүңүздөр билесиздер, андан кийин киши көп жашабайт. Сөзсүз эле өлүмүн күтүп отуруш керекпи? Учурунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди “онкологиялык оорунун диагнозу бар” деп аэропорттон кызыл килем менен узатып коюшкан. А эмне үчүн бир кыргыз аял чачы, кашы түшүп калганга чейин отурат? Химиотерапия алып жатыптыр. Онкология – бул өтө жаман дарт. Өзүмдүн атам да, апам дагы ушул илдеттен көз жумушкан. Ушундай нерселердин баары мага депутаттык комиссия түзүүнү сунуштоого түрткү болду.
-- Эми ишти эмнеден баштамакчысыздар?
-- Эң оболу бул тармакты жакшы билген үч-төрт эксперт, адистерди алабыз да, анан ылайыгына карап иш жүргүзөбүз.
"Азия Ньюс" гезити











