Суудан кургак чыккан Пирматов АКШда, кааласа Бишкекте...


Исхак Пирматов деген тагдырдын эркеталтаңы бар. Кезинде кыргыздарды койго теңеп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болгон. «Кыргызнефтегаз» деген ишкананы тоноп тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп “жегендиги” боюнча узун сабак сɵздүн аягы бүтɵ элек го? Ɵзү болсо актанганы актанган. Кезинде Исхакчикке кылмыш иши козголуп, бирок ЖКдагы Алтынбек Сулайманов баш болгон депутаттар кол ийрисине тартышып, аман сактап калышкан эле.
Учурда Пирматов АКШдан Кыргызстанга ээн-эркин келип кетип жүрөт. Бул деген “укук тармагынын укуругу жетпейт” дегендик да, туурабы? Анткени, кезинде ал сыяктуу казынага суук колун салгандар камакка алынышып, айрымдары түрмөдө отурушса, кээси жегенин “кусуп” беришти, айтор, ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүшүүдө. Тегирменге кирип чыгышкандай эле... Бир гана ушул Исхак Пирматовдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүүбү, же миллиондору сыйкырдуубу? Кызык, «колдоочуң Лондондо болсо, корголуңа куурай сая алышпайт» деген аксиома турмуш чындыгында аныкталып баратабы? Бир учурда ɵлкɵнү мыкчып отургандар сурак берип атканда, аларга салыштырмалуу Пирматов эмне болуп калыптыр? Эл ырыскысына кол салгандар кайсы бир күнү жазасын аларына ишенебизби же? Эми күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити











