Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Матраимов менен Келдибеков ал жерди басып алган жок да”
-- Төлөгөн мырза, Ошто Матраимов менен Келдибековго тийешелүү жерди мэрияга кайтаруу аракети башталганы айтылууда. Бул нерсе аларга болгон каралообу же кандай?
-- “Матраимов менен Келдибековго тийешелүү” делген жер Ош шаарындагы балдардын «Келечек» чыгармачылык мектебинин жери болгонун айтышып, “анын айланасы кыскарып кеткен” деген жүйөөнү коюп жатышат. Чынында алар ал жерди басып алып, же үй салып жаткан жок да. Ал жерлерге Ош шаарынын мэриясы токтом чыгарып, ошонун негизинде колдон колго өтсө керек. Себеби, аларга чейин башка адамдар ээлик кылышып, онго жакын сатуу жана сатып алуу келишими болуптур. Ош шаардык мэриясы аукцион аркылуу саткан, мэрия эмненин негизинде сатканын укуктук документтеринде турат. Туура эмес жерлер менчиктештирүү болгон болсо, тийиштүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып, жабыр тарткандардын үйлөрү үчүн мэрия жооп бериши керек.
-- Курманкул Зулушевдин кызматтан кеткени да күтүүсүз болду. Эмне үчүн ал өз каалоосу менен кызматтан кетти дейсиз?
-- Зулушевдин кызматтан кетиши кызматтык ишине байланыштуу болду деп эсептейм. Ошон үчүн ушул кадамга барды. Болбосо башкы прокурорлуктан жөн эле кете бербейт да. Өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгонуна караганда, түрдүү жагдайлар болгон. Себеби, бир апта мурун эле “Курманкул Зулушев кызматтан кетет” деген сөздөр тар чөйрөдө айтылып жаткан. Ошол сөздүн чындыгы бар окшойт, өз калоосу менен кызматтан кетти. Себебин өзү жана президент так билет. Акүйдөн көп жаңылык сыртка чыкпаганы үчүн башкалар түрдүү божомолдорду айтып жатышат.
-- Кыргызстанды кантип жакырчылыктан чыгарсак болот?
-- Кыргызстанды жакырчылыктан чыгарыш үчүн адегенде кадр саясатын жакшы жүргүзүшүбүз керек. Кадрлар ишин эптей албаса, иш алдыга жылбайт. Маселен, Кара-Суу району бир мезгилдерде өлкөнүн өнөр жайына, кайра иштетүү тармагына чоң салым кошуп турган. Өстүргөн тамекиси заводдо ферментация болуп, Бишкектеги тамеки фабрикасында иштетилип, “Комуз”, “Космос” жана башка сигареттер чыгып, Россияга чейин сатылып турган. Өстүргөн пахтасы онго жакын заводдордо иштелип чыкчу. Оштогу текстиль ишканасынын чыгарган бир күндүк материалы 400 километрге чейин жеткен, алсак Оштон Ташкентке чейинки жолдогу 10 миңдеген үй-бүлө эмгектенчү. Жибек пилла курту даярдаган чийки продукцияны Оштогу жибекти кайра жип кылып иштеп чыккан комбинаттан шейшеп, кийим-кече тигилчү. Ошондой эле Кара-Сууда өстүрүлгөн вино сортундагы жүзүмдөр Бишкектеги шампан жана кыргыз коньягы үчүн жөнөтүлүп турчу. О.э. кылкандуу дан эгиндерин өстүрүп, “Дан-Азык” ишканасы ун чыгарып, резервге сактачу. Өлкө үчүн Кара-Суу району миллиарддаган сом салык төлөп, 200 миңдеген жумушчу орундарды түзчү. Учурунда өстүргөн жана өндүргөн продукциялар Америкага чейин сатылып турса, азыр бир-эки районго малга тоют даярдаган аймакка айланып калды. Бул өтө уят иш. Кара-Суу району өлкө үчүн салым кошо албай калгандын белгиси – кадыр-барктуу, тажрыйбасы мол, иштин көзүн билген адам аким болсо жарашат эле. Көп жыл мурун райондун кире бериш жерине “Кара-Суу – Оштун тиреги”, “Кара-Сууда жашап, кембагал болуу кечиримсиз” деген лозунгдар илинип турчу. Кембагал болбош үчүн завод-фабрикалар ишке кирип, иштин көзүн тапкан адистер кызматка келиши керек. Болбосо ушундай турмуш улана берет.