Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек ТАШИЕВ, коомдук ишмер: “Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүп атабыз, мүмкүн “Республика – Ата Журт” болуп шайлоого барабыз”

Камчыбек ТАШИЕВ, коомдук ишмер: “Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүп атабыз, мүмкүн “Республика – Ата Журт” болуп шайлоого барабыз”

21-ноябрь, 17:00
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камчыбек мырза, көрүнбөй кеттиңиз. Кээ бир саясатчылар эмитен шайлоого кам көрүп башташканы байкалууда...

-- Өзүңүз жакшы билгендей, биз саясаттын босогосун жаңыдан аттап аткан же алды-артын ойлобогон алабарман саясатчылардан эмеспиз. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, балын да таттык, жакшылыгын, жаманын да көрдүк дегендей. Биз Кудай кааласа шайлоого даярбыз. “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, эрте эле чуркап даярданып алуу оюбузда жок. Биздин шайлоочулар ар дайым даяр, алар бизди чыдамсыздык менен күтүп атышат. 2020-жылкы боло турган парламенттик шайлоого жакшынакай даярдыктар менен барып, эл-журттун ишеничине ээ болууга ниетибиз бар.

-- Шайлоого кайсы партия менен аттанганы турасыз?

-- 2010-жылы “Ата Журт” партиясы биринчи орунду алып келген. 2015-жылы бириккен “Республика – Ата Журт” партиясы экинчи орунду камсыз кылган. Азыр 2020-жылкы шайлоого ошол эле “Ата Журт” партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, азыркы күндө ачык эле айтыш керек, так эле “Ата Журттун” жалгыз өзү барары да кыйын. Мүмкүн ошол эле “Республика – Ата Журт” партиясы менендир, бул маселени жакында чечебиз. Анүстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз.

-- Өмүрбек Бабановдун ою кандай?

-- “Азырынча саясатка кайтпайм” деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. 

-- “Шайлоо” деп калдык, 9 пайыздык тосмо боюнча оюңузду уксак?

-- Мен ушу кээ бир саясатчыларга түшүнбөйм да, 9 пайыздык тосмону койгондо эмне үчүн коюлуп атканын аргументтерин айтып элди түшүндүрүшкөн: “Татыктуу өкмөт болуп, майда партиялар келбей, алар ирилешип, мамлекетибизде туруктуулук жаралышы үчүн” деп, коомчулукту, элди ынандырышкан. Эми ошол эле саясатчылар тескерисинен айтып атышат, “9 пайыздык тосмо болсо, көп партиялар өтпөй калат экен, 3-5 пайыз кылалы” дешип. Бул туура эмес. Биз бир позицияда турушубуз абзел. 9 пайыздыкты койдукпу, ушул жагын көрөлү. Кайсы партиялар өтө алат? Болочок парламентти түзө турган болсок, коом кандай карайт? Баардыгын көрөлү да, кабыл алган мыйзамды жөн коюшубуз керек. Бир позицияны карманган адам катары ушул мыйзамды кабыл алгандан кийин аны турмушка киргизбей жатып, ак-карасын көрбөй эле кайрадан өзгөртүп ийгенибиз туура эмес болуп калып атат. 

-- Учурдагы парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа берип атасыз?

-- Үч жолу Жогорку Кеңешке депутат болгон адаммын. Азыркы парламенттин курамын өтө көп сындаса болот. Аларды мурунку чакырылыштагы парламент курамына салыштырып болбойт. Себеби, биз иштеген Жогорку Кеңеште басымдуу бөлүгү билимдүү, эл арасында кадыр-баркы жогору, айткан сөзү иши менен дал келген адамдар болгон. Ал эми бүгүнкү паламентте жеңил ойлуу саясатчылар арбын. Кайсы тарапка болбосун өтүп кете турган, анын ичинде бир партиядан башка партияга секиргендер, кайсы бир бийлик келсе ошонун артына жармашып, кошоматтангандар, же болбосо кайсы бир партия алсыз болуп калса, таштап качкандар, күчтүүрөгүнө жабышып өтө калган саясатчылар көбөйүп кетти. Мунун баарын эл көрүп турат. Бүгүнкү парламенттин ишмердүүлүгү, кадыр-баркы, деңгээли ушуну менен аныкталып атат. 

-- Келе жаткан паламентке кандай эл өкүлдөрү шайланышы керек?

-- Убакыттын өтүшү менен коом, мамлекет да бышат экен. Эң негизгиси, келе жаткан парламентке мамлекетти сүйгөн мекенчил адамдардын келүүсүн каалайт элем. Ал ар тараптан илим-билимдүү болсо, саткын болбой бир позицияны карманган, туруктуу, айткан сөзүнө иши дал келген эл сүйгөн адамдарды көргүм келет.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

 "Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер