Акыркы кабарлар
» Саясат » Бишкек ШИИБ башчылыгына Улан Султановду эмес, Чүйдөгү кыйын начальникти сүрөсөк...
Бишкек ШИИБ башчылыгына Улан Султановду эмес, Чүйдөгү кыйын начальникти сүрөсөк...
31-август, 18:30
456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Улан Султановдун коллективинде атмосфера жакшы эмес. Интрига, ушак сөздөр удургуп тургандай. Бул кадр атасы Алымбайдын аркасы менен чоңоюп алып, жанбактыга айланган кербези. Башкарган мекемесинде ийгиликтерге деле жеткен жок. Көптүн бири катары эптемей жүрүшкө салып келет. Бирок адам кургуруң асманды мелжей берген сыңарындай, Улан Султанов Бишкек ШИИБ начальнигине которулууну жакындарына айтып, амбициясы ашына баштаптыр. Мындай татыксыз адистин көтөрүлгөнү акылга сыйбай калсачы? Андыктан, “жети өлчөп, бир кесип”, Сары Өзөндөгү начальниктерди электен өткөрүп, эң кыйынын Бишкек ШИИБ башчылыгына сүрөсөк куп жарашчудай.
"Азия Ньюс" гезити