Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Коронавирустан кутула элекпиз
Коронавирустан кутула элекпиз
04-октябрь, 12:32

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-октябрда коронавирустан бир бейтап каза болду. 43 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында.
Бишкек – 26
Ысык-Көл облусу – 8
Чүй облусу – 4
Талас облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 2
Нарын облусу – 1
Баткен жана Ош облустарында, Ош шаарында оору жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 миң 783 адам болду.
Бир сутка ичинде67 адам сакайып чыкты. Бул аралыкта оорудан айыгып чыккандардын саны 173 миң 538 адамды түздү. Ал эми пандемия башталгандан бери жалпы 2608 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү440 адамооруканада, 712 бейтап үйүндө дарыланып жатат.