Эки айдан бери күйөөм өзүнчө бөлүнүп жатчу болду. Ажыраша албай...

Менин көйгөйүм – жолдошумдун мага, менин төркүнүмө, балдарыбызга болгон мамилеси болуп жатат. Баш кошконубузга төрт жыл болду, эки балабыз бар. Буга чейин баары жакшы болчу. Эки жыл мурда бир жерге тойго барып келген. Ошондо ал жактан көп киши аны мактап, “аябай мыкты, колунан баары келген жигит” деп баалашкан. “Ошондо көз тийдиби?” деп ойлоп кетем. Андан бери өзгөрүп кетти. Акыркы жарым жыл аралыгынан бери жашообуз болбой баратат. Мага балдардын, ата-энесинин көзүнчө кол көтөргөнү жанымды кейитет. Күйөө катары да эч бир милдетин аткарбай калды. Сүйлөшпөйт, суроо берсең урушуп бир тийет, же таптакыр кайдыгер мамиле кылып коёт. Эки айдан бери өзүнчө бөлүнүп жатчу болду. Менин алым кетти, сабырым бүттү. “Ажырашып кетсемби?” деп ойлонуп жатам. Кайын журтум жакшы, аларга сөз жок, бирок күйөөңдүн сага көңүлү жок болсо, жашагың да келбей калат экен. Кандай жолду тандасам туура болот, кеңеш бериңиздерчи?
Айжан
"Азия Ньюс" гезити