Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нью-Йорк соту “Кумтөр Голд Компанинин” өтүнүчүн канааттандырды

Нью-Йорк соту “Кумтөр Голд Компанинин” өтүнүчүн канааттандырды

10-июнь, 00:53
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШдагы банкроттуулук боюнча сот 8-июнда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырды. Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу бул соттун судьясы Лиза Бекермандын чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу контракттарды токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тийешелүү.

Бул чечим боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек. Нью-Йорктогу сотко катышкан кыргыз өкмөтү жалдаган юридикалык компаниянын адвокаттары Кумтөр алтын кенине тыштан башкаруу киргизүү чечими мыйзамдуу болгонун белгилешти. Кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Нью-Йорктогу соттук териштирүүгө каршы арызданууну көздөп жатканын 8-июнда “The Wall Street Journal” басылмасы жазды. Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер