Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кустурууну” жакырлар колдогону менен мамлекеттин келечегине залакасы тийбейби?..

“Кустурууну” жакырлар колдогону менен мамлекеттин келечегине залакасы тийбейби?..

07-октябрь, 22:02
1 031 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Байлардын мал-мүлктөрүн, жерлерин тартып алуу, кустуруу көндүм ишке айланып кетти го? Мындай көрүнүштү жакырлар колдогону менен мамлекеттин келечегине залакасын тийгизбейби?

Искендер Шаршеев, экономист:

-- Мыйзам бузган ишкерлерди жана коррупцияга тийешеси бар адамдарды жоопко тартуу, алардын мыйзамсыз топтогон байлыгын кайтаруу же мамлекетке өткөрүү – адилеттүү жана туура көрүнүш. Мындай иш-аракеттердин коомдогу калыстыкты калыбына келтирүүдө жана коррупцияга каршы күрөштө мааниси зор. Бирок бул процесстин да ар кандай жагдайларына жараша түрдүү натыйжалары болушу мүмкүн. Мыйзам бузган жана коррупцияга тийешеси бар адамдарды "кустуруу" коррупцияга каршы күрөштө күчтүү сигнал болуп саналат. Бул ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн жоопкерчиликтин жогору экенин көрсөтүп, алып-жулуу иш-аракеттерден качуугамыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана коомдун мамлекеттик түзүмдөргө болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет. Эл арасында адилеттүүлүк калыбына келтирилип жаткандай таасир жаралып, таза ишкердикке жана адилет башкарууга умтулуу күчөйт. Коррупцияга тийешеси бар адамдарды жоопко тартуу  адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн түзөт. Бирок бул аракет калыс жана мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү зарыл. Болбосо, кысымга кабылуу коркунучу бизнес чөйрөсүнө терс таасирин тийгизип, ишкерлердин кооптонуу сезимин күчөтөт. Эгерде мындай "кустуруу" тандалма түрдө, жеке кызыкчылык же саясый максаттар үчүн колдонулса, анда ал коррупцияга каршы күрөштүн максатын жоготуп, тескерисинче, мыйзамдын үстөмдүгүн буза алат. Бул жагдай ишкерлерди адилетсиз кысымдан коргонууга аргасыз кылып, инвестициялык климатка жана экономиканын өнүгүшүнө терс таасир этет. Эгерде алынган каражаттар жана мүлктөр ачык-айкын жана максаттуу түрдө коомдун өнүгүүсүнө сарпталса, албетте, натыйжасы болот. Мисалы, социалдык долбоорлорду каржылоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын өнүктүрүү сыяктуу.

Кыскасы, мыйзам бузган жана коррупцияга тийешеси бар адамдарды жоопко тартуу мамлекет үчүн оң натыйжа алып келиши мүмкүн. Бирок бул процесстин калыстыгы, ачык-айкындыгы жана мыйзамдуулугу негизги шарт. Болбосо, "кустуруу" туура эмес максаттарда колдонулса, мыйзамдуу ишкерлерге жана экономикалык өнүгүүгө терс таасир этиши мүмкүн.

Сонунбү Кадырова, алпаруучу:

-- Менин оюмча, азыркы бийлик “бай-кедейди теңейли” деген ниетте аракет кылып жатат окшойт. Бул жакшы. Элибиз эгемендик алгандан бери ак эмгеги менен байыгандар аз. Себеби мамлекеттик система ошого жараша түзүлдү. Алдым-жуттумдарга кенен жол ачылды. Ким эмнени кармап турса, ошону соодалады. Нарк-насил, адамдык парасат деген унутулуп, колунда барларды кожодой колдоп калдык. Бир нарктуу жазуучу агай айтты эле: “Бир короо койду уурдап алып, бир кой союп берсе сүйүнүп жатабыз” деп. Элдин эмгегин кандай жесе, ошондой эле тартып алуу керек. Ушундай болмок акыры. Качанкыга чейин ууруларга сүкүт кылабыз?! Кыргыз жергесинде ак эмгеги менен байыгандар жок. Анткени мамлекеттик кызматты да менчигиндей көрүп, соодалап жибергендер болду. Азыр мамлекеттик кызматта отургандардын жегенин табуу оңой. Алган маянасы менен колундагы байлыгын салыштырып көрсө эле кимдин жегич экени ачыкка чыгып калат. Мамлекеттик кызмат атасынан калгандай бизнеске айландырып алып отурушту уялбай. Азыр деле ошол жорук тыйылбай жатат. Себеби, кайсы жерге чейин мамлекеттики, кайсы жер өзүнүкү экенин билбей калышкан. Чектен чыгып кетишкен да. Мамлекеттик ишканалардын пансионаттарын, жерлерин чекесинен кыркып менчиктештирип алгандар берсин! Туура кылат тартып алып. Алардын башынан сылап, эркелетип отурган заман өттү. Азыр эң туура саясат жүрүүдө. Элдин жонунан кайыш тилип тайраңдагандар акыры жооп бере турган жерине келди. Садыр Нургожоевичке, Камчыбек Кыдыршаевичке Кудайым күч кубат берсин! Баштары аман болсун. Кудайга үнүбүз жетти акыры.

Мадин Итикеев, активист:

-- Өтө жакшы суроо экен. Биринчиден, ошол байлар мал мүлктү кандай жолдо табышкан? Экинчиден, мамлекет курууда чынчылдык жана таза дүнүйө табуу бирден-бир көрсөткүч жана критерий. Үчүнчүдөн, “элдикин – элге” дегенге мен кошулам. Карапайым калк эмнеге нааразы болуп, үч жолу революция жасады эле?  

Азыркы байлардын 90 пайызы менчиктеп алуу, талап алуу жана тааныш-билиштери аркылуу жерлерди, завод-фабрикаларды, бала бакчаларды, түрдүү мекемелердин жерлерин алуу менен байышкан. Союздан калган 74 жыл жыйналган элдин байлыгын жалаң эле колу жеткен жетекчилер ээлешкен да. Билишимче, андай арам байларды жазалоо шарт. “Кустуруу” көндүм ишке айланган жок, тескерисинче, тазалануу процесси жүрүп жатат. Элдикин элге кайтарышууда. Өздөрү соода-сатык кылып байыгандар – азаматтар. Аларга сөз жок. Ошолор экономиканы көтөрүштү. Отуз жыл жеген-ичкен, талкалагандарды кантип эле үч жылда “кустуруп” жетишсин? Көмүскөдө же коңулда жатып алышып, мал-мүлктү башкаларга каттатып коюшуп, билмексен болуп жүргөндөр толтура. Бир канчасы келбечүдөй океандын ары жагына качып барышып, жыргап эле жашап жүрүшөт. Өкмөттүн укуругу узун. Качан элдин ичи тазаланмайынча мамлекет курууда кыйынчылыктар жарала берет. Ошондуктан, мурун чиновник болуп, арзыбаган айлык маянасына байып кеткендерди да текшерүү зарыл. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер