Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Жогорку Кеңеште алып-сатар, көпөстөрдүн көптүгү өтө кооптуу”
-- Кандай дейсиз, бийликке баштагыдай сын-пикир айтуудан саясатчылар да, интеллектуалдык күчтөр да айбыгып калыштыбы? Оппозициясы жок өлкө өнүгөбү?..
-- Интеллектуалдык күчтөр деп жергиликтүү башкаруудан баштап, жогорку бийлик кызматтарында мурда-кийин иштеген жарандарды айтсак болот. Бирок, алардын көпчүлүгүн өз ишинен башка коомдук же саясат боюнча өз ойлорун ачыкка чыгарбаган жарандар катары түшүнөлү...
Ал эми “саясатчылар бийликтен коркуп, айбыгып калыштыбы?” дегенге макул эмесмин. Көпчүлүк саясатчылар коомчулукта болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап калышты. Өлкөдөгү окуяларга бир да партиянын лидери же Жогорку Кеңештин депутаттары өз ойлорун айта албай калышканы – бышып жетилген тыңчыкмалардын жокко эсе экенин көрсөтүүдө. Өлкөдө белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев жана башкалар саясаттан кайта баштады, андан кийинкилери болсо байлык топтоо үчүн баардык күчүн жумшап, коомдук турмуштан четтеп калышкандай. Алардын көпчүлүгүн эл каалабай калды. Ал эми андан кийинки муун кошоматчылык менен эптеп-септеп кызматка жетүүнүн аракетинде. Өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө өз ойлору жок, саясый жактан таасири аз катмар. Мындайча айтканда, оппозициялык көз караштар менен бийликтин аткарып жаткан ишине өз сын пикирин айта турган саясатчыларды табуу кыйын. Көпчүлүгү алып-сатар, ишкер, көпөстөр. Мындай адамдардын Жогорку Кеңеште көп болушу өтө кооптуу. Бышпаган, чийки мыйзамдарды талкуусуз кабыл алып кетишери толук мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити