Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азенбек Козукеевдин моралдык жоопкерчилигин кароого мезгил келдиби?

Азенбек Козукеевдин моралдык жоопкерчилигин кароого мезгил келдиби?

20-май, 16:48
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Жол кырсыктарынын айынан жакындарын жоготкондор зар какшашып, интернет булактарына арбын чыгууда. Күнүгө, жума сайын өлгөндөр, жаракат алгандар көбөйдү. Соцтармактан кагышкан, оодарылып жаткан автоунааларды байма-бай көрүп калдык. Эреже бузуп, катуу айдагандар башкалардын тагдырларын талкалап жатышат. 

     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеевдин моралдык жоопкерчилигин кароого мезгил келдиби? Адилеттүү түрдө баа берилбесе, кырдаал чектен чыгып баратат го? Бул эргул иштей албаса, элдин убалына калбай кете бербейби? Өлкөдө эмне болуп атканын өзү түшүнүп атабы? Ушундай “чала сабаттар” бийликтин рейтингине доо кетире береби? Кыскасы, соболдор көп. Жообу жок. 

     Туристтик сезон ачылып, тоого, көлгө баргандар арбыды. Эми жайкы каникул башталса, чет элдик саякатчылар, өзүбүздүн жарандарыбыз да Кыргызсандын кооз жерлерин кыдыра башташат. Басымдуу түрдө. Ал эми жол коопсуздугунун абалын көрүп атасыңар – өтө кейиштүү! 

     Айланайын Азенбек, ойлонуңуз, колуңуздан келген эле ишти кылбайсызбы? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер