Калдарбек Абдраманов: “Дзотко төшүн тоскон дарыгелерден айрылып жатабыз”

-- Калдарбек ага, өлкөбүздө, айрыкча Жалал-Абад облусунда коронавирус боюнча абал курч болууда. Учурдагы чыныгы абал тууралуу өз оозуңуздан уксак?
-- Ооба, ошондой. Акыбалдын оорлоп кетишине өкмөт, эл өзүбүз күнөөлүүбүз. Ушундай болушун сезип-билип туруп, тийиштүү уюштуруу, каржылоо иштерин толук жүргүзө албадык. Дагы эле жарым-жарты, тийип-качмай иштер болду. Биринчиден, жетишерлик койкаларды талапка ылайык керектүү шарты менен түзө албадык. Албетте, оооруканалар салынды, аз болсо да койкалар даярдалды, бирок алар сапаттык жагынан талапка толук жооп бере албайт. Экинчиден, койкалар болгону менен тийиштүү жабдыктар, дары-дармек дагы деле жетишпейт. Вакцина, аппаратура жөнүндө айтпай эле койдум, жөнөкөй эле кычкылтек, коргонуучу каражаттар жетишсиз. Үчүнчүдөн, негизги маселе, даярдыгы бар врачтарга, медайымдарга муктажбыз. Ошонун кесепетинен башка адистиктеги врачтарды ковидди дарылоо ишине тартуу демилгесин жетекчилер көтөрүшүүдө. Албетте, бул айла жоктон жасалып жаткан иш. Бирок, ошого даяр болсок болот эле да. Мисалы, биз – кардиологдор, кардиохирургдар өзүбүздүн жүрөк оорулууларды таштап коюп, ковид менен ооруган элди дарылайбызбы? Республикада күнүнө 50 адам жүрөк кан тамыр оорусунан каза болот. Аларды ким дарылайт? Коронавирус оорусун кардиохирургдар, кардиологдор эмес инфекционисттер дарылашы керек! Азыр “врач жок” деген шылтоо менен башка адистерди кыйнап жатышат. Ал адистердин да өздөрүнүн бейтаптары бар, аларды ким карайт? Же “алар өлө берсин” деген мамилеби?
Кыскасы, кооптуу акыбал жаралды. Миңдеген адамдар ооруп жатат, ондогон адам күнүнө көз жумуп кетүүдө. Өтө өкүнүчтүүсү, “айла жок милдет аткарабыз” деп дзотко көкүрөгүн тоскон, коронавирус менен күрөшүүгө чыккан жылаңач баатыр врачтарыбыздан айрылып жатабыз! Ушунун баары кайдыгерликтин кесепети.
Кызык жери, эч ким жоопкерчиликти алган жок, “ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт” деген акыбал. Аягы келип эле врачтар күнөөлүү болуп чыгат. Жетекчилер бири-бирине кулакка жагымдуу отчетторду берүү менен алек. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп бийлик алмашты. Ушундай шартта эл, врачтар эле кыйналат. Жогору жактагылар бийлик маселесин чече албай, ошону менен алек.
Ошондуктан, өкмөт биринчи коронавирус менен күрөшүүгө кылдат мамиле жасоосу, финансылык, уюштуруучулук иштерди күчөтүүсү зарыл. А биз, медицина жетекчилери, жалпы медиктер коронавирустан башка да оорулар бар экенин унутпай, жумушту солгундатпай иш алып барсак (!) деген каалоо-тилек айтат элем. Элибиз дагы акыбалдын кооптуу экенин эске алып, тийиштүү талаптарды аткарса. Өзүңөрдүн, жакын адамдарыңардын өмүрүн коркунучка кептебей, талаптарды так аткарышыңарды өтүнөт элем!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити