Арсланбек Кененбаев, финансы талдоочу: “ИИМ кызматкерлерин финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүүнү окутушу керек”

-- Кыргызстанда криптовалютага кызыккан адамдар көбөйүп жатат, бирок көпчүлүк аны менен иштөөдөн чочулашат. Себеби, маалыматтын жетишсиздиги жана алдамчылардын көп кездешүүсү. Жакындагы MSN-Coin сыяктуу алдамчылар тобунан соң да бул жаатта элдин ишеними кайтып калды окшойт...
-- Мындай кырдаалдар болбошу үчүн (мисалы, MSN-Coin сыяктуу) укук коргоо органдары мыйзам бузууга олуттуу мамиле кылышы керек. Ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, ИИМ бул иш боюнча көпкө чейин убакытты созуп, консультация алып келген. Консультациялар үчүн бир нече ай убакыт кетти, ал эми ошол мезгилде алдамчылар адамдарды алдап келишкен. Ушул жагынан алганда, укук коргоо органдары финансылык-экономикалык кылмыштар, алдамчылык боюнча иш алып барууну үйрөнүшү керек. Аларга атайын тренингдер керек болушу мүмкүн. Демек, мамлекет бул маселеге көңүл буруп, аны чечүү менен алектениши зарыл.
ИИМ атайын бөлүм түзүшү же кызматкерлерин финансылык алдамчылык менен туура күрөшүү жана аны убагында аныктоо боюнча окутушу шарт. Кыргызстанда мыйзамдар бар, алар боюнча финансылык инструменттерди, анын ичинде криптоактивдерди квалификациясы жок инвесторлорго ачык сунуштоого тыюу салынган. Башкача айтканда, каржылык жактан тажрыйбасы жок, аз суммадагы акча салган инвесторлор мыйзам тарабынан корголгон. Бизде мыйзамдар жетиштүү, бирок анын аткарылышы укук коргоо органдары тарабынан кечеңдеп жатат.
Эгерде мыйзам иштебесе, анда финансылык сабаты төмөн адамдар ар кандай алдамчылык схемалардын курмандыгы боло берет. Ошондуктан, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу өтө маанилүү. Бирок укук коргоо органдары дагы бул багытта ыкчам жана натыйжалуу иш алып барышы керек. Ошондой эле адамдар каржылык жактан сабаттуу болушу зарыл. Кандай гана инвестиция болбосун, аны жасоодон мурда 2-3 эксперттен кеңеш алуу керек. Биздин адамдар тескерисинче, алдангандан кийин гана эксперттерден акчасын кантип кайтарып алуу жөнүндө сурашат. Бирок башында эле инвестициялоо тууралуу туура чечим кабыл алуу үчүн эксперттерден кеңеш алса, мындай көйгөйлөр азаймак.
Криптоиндустрия да азыр уникалдуу. Бирок билип-билбей акча салган адам оңой эле алданат. Эгер кирем дегендер болсо, эки көз карандысыз эксперт менен кеңешип, анан гана кадам таштоо зарыл.
-- Криптовалютага инвестиция салууда эмнелерге көңүл буруу керек?
-- Бул абдан тобокелдүү тармак. Жөнөкөй гана эрежелерди сактоо керек:
1) 2-5% гана инвестициялоо – көп акча салууга болбойт;
2) фишингден сактануу – жасалма шилтемелерден паролдор уурдалышы мүмкүн;
3) “скамдардан” качуу – шектүү платформаларга ишенбеш керек;
Көптөр соңку акчасын жоготуп жатышат. Биринчи тажрыйба топтоо керек, анан гана инвестициялоо туура.
-- Кыргызстан бул тармакты өнүктүрө алабы?
-- Өлкөдө криптотармагын жөнгө салуучу мыйзамдар иштелип чыгууда. Кыргызстанда криптовалюта мыйзамдуу, ошондуктан бул багытты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок инвесторлор үчүн кепилдиктер жок, криптофирмалардын жоопкерчилиги да чектелүү.
Криптовалюта – чоң тобокелчилик. Бул жерде классикалык биржа сыяктуу инвесторлорду коргоо системасы жок. Ошондуктан дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери криптовалютаны чектеп же такыр эле тыюу салып койгон.
"Азия Ньюс" гезити