Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Казакбаев, журналист: “Тик Ток” аркылуу канча адам иш кылып жатышканын билишпейби?”

Замир Казакбаев, журналист: “Тик Ток” аркылуу канча адам иш кылып жатышканын билишпейби?”

31-август, 21:08
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Тик Ток” тиркемесин жабуу боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү көпчүлүк адамдардын, айрыкча чыгармачылыкка ыктагандардын нааразычылыгын жаратууда. Сиз кандай пикирдесиз?

-- Дагы бир кейиткен кызыктай жагдайга дуушар болуп отурабыз. Кол менен санай турган айрым келесоолорго теңелип, маданият министрлиги “Тик Токту” жабат имиш. Ошол тиркеме аркылуу канча адам иш кылып атканын билишпейби? Мен түшүнбөйм, эгер келесоонун катталуучусу болуп, ошонун лентасын карап отурган бирөөлөр болсо, анда ким күнөөлүү? Бир келесоону бир келесоо көрө берсин да. А эмнеге алар үчүн жалпы элди келесоо кылыш керек?

Маселе “Тик Токто же казинодо эмес! Казиного барып ойноп, утулуп калып, догурунган немелерге дагы түшүнбөйм. Ал уттурайын деп барган жок да? Өтүп бараткан жеринен бирөө казиного жетелеп кирмек беле? Ал ачкөздөнүп, жеңил эле акчалуу болгусу келип барды да, туурабы? Тик Ток деген бул болгону тиркеме. Аны колдонуу боюнча эл менен иш жүргүзө турган мекеме катары жоопкерчиликти моюнга алып, коомчулукка карай тыгыз иш алып баруунун ордуна, жаба салган оңой да. Айтор, кызыктай эле түшүнүксүз коом болдук...

 Эгер маданият министрлиги өз ишин мыктап аткарганда, башкача болот эле. Жаап салбай, эл менен иштөө зарыл болчу. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер