Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырчы кыздын айынан баса албай калганымды угуп, чаңырып, өксүп ыйлап жибердим

Ырчы кыздын айынан баса албай калганымды угуп, чаңырып, өксүп ыйлап жибердим

27-октябрь, 12:00
1 850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмуш бирде ылдый, бирде өйдө болуп, адам баласын дайыма сынап турат экен. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дейт. Айта элегимде эле “Аа, шордуум! Тагдыры татаалдашып, эмне кыларын билбей, чайналып жүргөн тура…” дешиңиз мүмкүн. Ооба, анткен болсоңуз, туура таптыңыз.

Үйдө жалгыз уул болуп, эрке өстүм. Бирок, мектептен, ЖОЖдон жалаң 4”, “5 деген бааларга окуп, окууну да кызыл диплом менен аяктадым. Окууну го бүтөрүн бүттүм, эми кесибим боюнча жумуш таап иштешим керек. Ата-энем кары адамдар, анүстүнө оорукчан эле. Аларды багуу менин милдетим эмеспи. “Мейли, айлык акым аз болсо, аз болсун” деп борбордогу белгилүү бир чет элдик компанияга жумушка орноштум. Ал компанияда үч жыл иштедим. Ошол үч жыл аралыгында өзүмдү көрсөтүп, өз ишимди мыкты билип, жетишерлик тажрыйба топтоп, жумуш ордуман да көтөрүлдүм. Кудайга шүгүр, мурдагыдан да жакшы жашап калдык.
 Ак эмгегим менен акча таап, жаңы үй салып, жаңы үлгүдөгү темир тулпар алдым. Ата-энемди доктурга бат-бат көрсөтүп, дарылатып баштадым. А
лардын батасын алдым дегендей. Бирок, тилекке каршы, ошондой күндөрдүн биринде атам бул жарыкчылык менен кош айтышып кете берди. 

Эх, бири кем дүйнө!.. Апам экөөбүз ыйлап кала бердик. Эмне кыл дейсиң, Жараткандан анын бул дүйнөдө билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечиришин сурап, арбагына куран түшүрүүдөн башка эч нерсе кыла албайт экенбиз да. Турмуш токтоп калбай, өз нугунда улана берди. 

Ошол мезгилде бир ырчы кызга үстүртөн көз салып жүргөн элем. Акыры акмалап жүрүп, аны менен жакындан тааныштым. Аны менен таанышканыма жетине албай сүйүнүп, көңүлүм толкуп, ыргалып турду. Сулуу кыздын курчтугуна кубансам, таамайлыгына таң бердим. Бирөөгө жакшы көрүнүш үчүн жагынып сүйлөбөй, айтчу сөздү бетке ачык айткан мүнөзү бар экен. Ошентип, аны менен кыз-жигит болуп жүрө баштадым. Арадан зымырап күндөр өтө берди. Баягы жумушка эрте кетип, өз убагында келген Медер жок. Апам күн сайын тамак-ашын даярдап, мен келгенче күтөт. Кээде келбей калсам, таң атканча санааркап, уктабай мени күтүп отурат. Улууга каяша айтпас жаным, акыркы күндөрү ага катуу айтып, мага жакшы сөз сүйлөсө да кагып жиберчү болдум. Апам мага көз жашын көргөзбөй, ыйлап жүргөн экен бечарам. Ошондо да көңүлү калбай, бооруна тартууга далалат кылып жатты. 

“Кыз” деп жүрүп, көзүмдү май басып, эч кимди көзгө илбей калдым. Ал күнү ошол ырчы кыз менен жолугууну белгилеп, кечке жуук бир тамактануучу жайдан жолуктук. Ага арнап, бир букет гүл сатып алган элем. Бир убакта мен эмнеден улам, ага суроо узаттым

-- Жаным, сен мени сүйөсүңбү?

-- Ооба, - деди ал, уяла түшүп.

-- Кандай болгон күндө дагыбы? - дедим ишене бербегендей.

-- Ооба, сен кандай болгон күндө дагы. Мейли сен майып бол, мейли же башка бол, мен сени сүйөм. Мен сени таштабайм, сен да мени таштаба! - деди үңүлгөн каректери менен эркелей карап. 

Биз көпкө сырдашып отуруп, бир саамда аны узатып, унаасына салып жибердим. Колумда ага деп алып келген бир букет гүл калып калган экен. Мен аны бермек болуп, кыздын унаасынын артынан чуркап жөнөдүм. Мен чуркай бердим. Ал токтободу. Бир убакта артымда катуу келе жаткан машинанын жарыгы артымды караганда көзүмө чагылышып, жарыктан башка эч нерсе көрүнбөй калды. Анан барып ал жарык да өчтү… Бир убакта көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Бутум сыздап ооруп, абалым өтө начар экен. Кашымда апам отуруптур. Ал мен ойгонгондо ыйлап жиберди. Кудайга шүгүр, аман калыптырмын. Бирок, дарыгерлер менин мындан ары өз алдымча туруп баса албасымды айтканда, мен чаңырып, өксүп ыйладым. Апам мени бооруна кысып, кошо ыйлап турду.

-- Балам, Кудай бар эмеспи, баары жакшы болот! - деп башыман сылап, далыман таптай берди. Мен ырчы кызды жолугушууга чакырдым, ал телефондон: “Кечир, мен сени менен өмүр сүрө албайм” деп жооп жазды. Мына, “сен кандай болгон күндө да сени менен бир болом, сени эч качан таштабайм” деген кыз ушинтип таштап кетти. А көрсө, эки дүйнөдө тең сүйүүгө ЭНЕ гана татыктуу болот экен. Ооба, ЭНЕ деген бир асыл адам гана сүйүүгө татыктуу! Балким, Кудай мага сыноо берип, ал сыноону көтөрө албаганым үчүн мени ушинтип жазалагандыр. “Ата-эне балага нааразы болсо, Кудай ага нааразы” дейт. 

Келгиле, мусулман бир туугандар, ата-энебизди капа кылбайлы! Аларды дайыма урматтап, дайыма сыйлайлы!

Медер 

Булак: gezit.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер