Базардагы аялдар үй-бүлөсүн багыш үчүн талыкпай эмгектенишет

Алар ар күнү таң заардан туруп, суукта, ысыкта, жаанда да ишке чыгышат. Балдарын багыш үчүн, күйөөсүнө жардам болуш үчүн. Кээде карыган энесине да жардам керек. Бул аялдар – биздин эжелерибиз, келиндерибиз, апаларыбыз.
Базар – бул жөн эле соода эмес. Бул күнүмдүк күрөш. Бирок ден соолук жөнүндө ойлогонго убакыт жок.
Изилдөөлөр жана менин врачтык тажрыйбам көрсөтөт:
-- ар бир экинчи базарчы аялда варикоз белгилери бар;
-- 70%ы суу ичпейт, баш оору, баш айлануу, жүрөктүн кагышы пайда болот;
-- 65%ында темир, магний, витамин D жетишсиз;
-- көпчүлүгүнүн кан басымы көтөрүлгөнүн өздөрү билбей жүрө берет. Аягында чарчоо, уйкусуздук, маанайдын түшүшү көнүмүшкө айланат. Бул чарчоо эмес, бул сигнал. Ден соолук жардам сурап жатат.
Мен врач катары көп жолу күбө болдум: жөнөкөй анализдер, туура витаминдер – мындан улам бир айдан кийин адам таптакыр өзгөрөт. Эгер базарда иштесеңиз, бул кеңештер сиз үчүн:
-- суу – дары. Күнүнө 1,5 литрден кем эмес ичиңиз;
-- буттар эс алышы керек. Кыймылдаңыз, отуруп туруңуз;
-- ферритин, магний, D витамини – бул сиздин энергия;
-- эртең менен жеңил созулуу адаты денеңизди сактайт;
-- жылына бир жолу анализ тапшырыңыз, бул өзүңүзгө болгон камкордук.
Сиз үй-бүлөңүз үчүн баарын жасап жатасыз. Эми өзүңүзгө да кам көрүңүз. Сиз биз үчүн баалуу аялсыз!
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити