“Саясый өлүккө” айланган Мырзакматов элден чыгып, тентип калганда
Соңку эле жылдары Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов ж.б. жоон топ лидерлер саясый куугунтук көрүшүп, камакка алынышкан. Алар коркушкан эмес, түрмөдө болушса да күрөш жүргүзүшүп, эрктүүлүгүн көрсөтүп келишкен да... Ал эми Мелис Мырзакматов коррупцияга айыпталып, камакка алынарда чет өлкөгө качып кетип, коркоктугун далилдеген. Кызматта жүргөндө “арстанга”, “шерге” айланып, бош калганда шалпайып, кирерге тешик таппай, титиреп калган образын билесиңер да. Бул суу жүрөк бир топ жыл Түркияда баш калкалап жүрүп, Октябрь төңкөрүшүндө келе калып, баягыдай жасалма баатырлыкка айланайын (!) деди эле, бирок тилеги таш капты. Көпчүлүк колдобой койду. Ал ортодо кылмыш иштеринен арылып, акталып алганга жетишти. Амалдуусун карасаң. Кечээги “сөөлөттүү” Мелис элдин чыгып калганын билген соң, жаңы бийликтин жинине тийүүгө даабай, “куйругун кыпчыган” бойдон Кыргызстандан чыгып кетти. Күлкүң келет да, кээде “жүгүрүктөрүнө” өзүн мактатып, жасалма иретинде кур дымак күткүсү келет. Жо-ок, элдин көзү көрөгөч, Мырзакматов “саясый өлүккө” айланган. Мезгил, тарых мындайларга өз баасын берери, ошентип тентитип салары айдан ачык эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити