Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акаев айткан мезгил эми келди

Акаев айткан мезгил эми келди

18-ноябрь, 13:27
1 960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатка сарасеп салып жүргөндөрдүн эсинде болсо керек, 1995-жылы парламент эки палаталуу болуп, ага шайлоолор кызуу жүрүп, биринчи туру аяктап, экинчи туру башталар алдындагы мезгил эле. Ошондо Акаевге “айрым депутаттыкка кандидаттар арак, акча берип жатат” дегенде ал “берсе ала бергиле, бирок, кабинага киргенде добушуңарды татыктууларга бергиле да” дегени Кыргызстанга “дүң” эле дей түшкөн. Мына ошондо деформацияланган шайлоо 6-чакырылышка чейин гүлдөп, өз апогейине жетти. Эми эртеңки (2020) шайлоо божомолдор боюнча алардан ашса ашат, асты кем болбойт. Ошондуктан азыр эле “келерки шайлоо мал базардай болот”,  “депутаттык кресло 200 миңден миллион долларга чейин чыгат” ж.б.у.с. маалыматтар интернет айдыңы менен ММКларда байма-бай чыгууда. Ошол акча менен арактын артынан жылдан-жылга интеллектуалдык деңгээли төмөн, сапаты начар парламентке ээ болуудабыз. 

Журналист Барартбай Аракеевдин айтымында, “биздин Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын арасында кимдер гана жок!? Уурулар, кыз зордуктагандар, соттолгондор, кримчөйрө менен байланышы барлар, элдин миллиондогон акчасын жегендер, кызматтан иштей албай куулгандар... иши кылып, таза коомго жолотпочу “элементтердин” баары бар”. Эң кызыгы, өзүбүз ушуларды шайлайбыз да, беш жыл аларды каргап-шилеп, сөгүп-сагып жүрөбүз. Бул бизге норма болуп калды. Эми ушул артта калган 25 жыл (бир муундун жаш курагы) ичинде элибиз деле мындай дөөпөрөстөрдөн тажап бүттү го. Бирок, карасаң эле баягылар. Мына эми “элибиздин көзү ачылды го, шылуундардан көңүлдөрү калды го (?) деп Акаевдин ылакапка айланган сөзүнүн мезгили келди, эми чындап алгыла, жегиле, бирок баягы эле башы жок галдирбайларды, арам акчасы көп, бирок элди ойлобогон чала сабаттууларды эмес, акылдуу, колунан иш келген, мамлекет менен элди ойлогон инсандарга добуш берели” дегиң келет. Бул жерде элибиздин пикири, пейили өзгөрүш керек. Өзүбүздүн мамлекетти башкаруудагы жападан жалгыз укугубузду туура пайдаланалы, эркибизди көрсөтөлү. Болбосо баягы эле “эшегине жараша тушагы” дегендей болбойлу. 

Ушул жерде бир маселе бар, аны тез оңдоо зарыл. Ал – биздин шайлоо укугубуз. Биз азыр конкреттүү айрым бир инсанга эмес, партияга, партиялык тизмеге добуш берүүдөбүз. Айталы, шайлоочу “мына ушул киши депутаттыкка татыктуу” деген инсан партиялык тизмеде кол берүүдөн жийиркенген, таза эмес, шылуун, зөөкүр адам менен катар турат. Ал эмне кылат? Көзүн жумат да   конкреттүү адамга эмес, партияга добуш берет. Муну менен шайлоочунун тандоо укугу бузулуп жатат. 

Азыр бир топ билерман серепчилер партиялык (пропорционалдык) ыкма демократияга ыктаган эң жакшы система деп, ал эми бир мандаттуу (можаритардык) системаны регионалдык бөлүп-жарууга апкелет деп жатышпайбы. Ошондуктан, биз пропорционалдык менен мажоритардыкты айкалыштырып (мындай ыкма айрым мамлекеттерде бар) Кыргызстанды болжолдуу түрдө шайлоочулардын санына жараша төмөндөгүдөй округдарга бөлсөк, максатка ылайык келет: Баткен-2, Ош-4, Жалал-Абад-3, Талас-1, Чүй-4, Ысык-Көл-2, Нарын-1, Бишкек-4, Ош шаары-1. Ошентип, Кыргызстан боюнча 20-25 округ жасап, партиялар ошол жерден өз кандидатураларын көрсөтө беришсин. Эл ошол партиялык тизмедеги конкреттүү адамга добушун берет. Демек, тизмедеги  талапкердин ордун партлидер эмес, эл чечет. Биз элге өз укугун берген болобуз. 

Жакында депутаттар Исхак Масалиев менен Жанар Акаев шайлоону өткөрүүнүн жаңы жолун сунуштап жатышат. Ага ылайык электрондук жана кадимки эле бюллетень менен шайлоонун преференциалдык (арасынан жактырганын тандоо) ыкмасы колдонулат. Жаңы, креативдүү нерсени дайыма колдоо керек. Эгерде мамлекетке каражат жагынан оор болбосо, ушул системага өтүү керек го. Эгерде президент шайлоону таза өткөрөм десе, акысыз эле жардам беребиз деген эл аралык уюмдар көп эмеспи. Негизгиси биз шайлоочуларга өз укуктарын өзүнө беребиз жана партиялык принциптерди да сактап калабыз. Алгач партиялык система киргизгенибизде бул жаңылыкты колдоп, “биз эми кокту-колоттук психологиядан арылабыз, республикага башы көрүнгөн абройлуу адамдарды шайлайбыз” дегенбиз. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей, дагы бир проблемага туш болорубузду алдын ала билбеппиз да. Демек, реалдуу турмушка жараша мыйзамдарды өзгөртүп турушубуз керек. Бул жерде сөз мыйзамды оңдоодо жана кантип оңдоодо турат. 

 Шайлоодогу дагы бир көйгөйлүү маселе – партиянын “шайлоо фонду” дегенди жоготуш керек. Ал функцияны БШК аткарсын. Анткени ага ар бир партия белгилүү өлчөмдө акча төгөт. БШК ар бир партиянын программасы менен уставын чагылдырган, баардык партиялардыкы бирдей формада болгон ар бир партияга 100 миңдеген же андан да көп нускадан турган брошюраларды чыгарсын. Азыркы компьютердин заманында гезиттин кагазына чыгаруу текейден оңой жана арзан. Шайлоочулар өзү кызыккан партиялардын брошюралары менен таанышып, салыштырып, анан тандайт. Мында башка бүт үгүт материалдарын баардыгына бирдей формада, бирдей нускада БШК гана чыгарып берет.

 Ал эми шайлоочулар менен жолугушууларды пландуу түрдө жергиликтүү бийлик расписание менен уюштурат. Азыркыдай штабдарды түзүү, көрүнгөн жерлерге партиянын атынан, кандидаттын атынан кызыл-тазыл чакырыктарды илүү, туш келди жерге элди чогултуп, артисттерди жалдап, дубанадай ак уруп, өзүн мактап жана мактатып, аткарылбас убадаларды берип, өзүнөн башкаларды жамандап, жүздөгөн-миңдеген адамдарга “мыйзамдуу” түрдө штабда иштеди деп акча төлөө жана таркатуу, тамак-аш ж.б. ар түрдүү өнөктүктөрдү уюштурууну токтотууга, булардын баарын мыйзам менен чектөөгө убакыт жетти го. Ал эми мамлекеттик жана ММКлар БШКнын көзөмөлүндө каражатын төлөп, партиялар ортосунда округдарга тийешелүү жана жалпы республикалык деңгээлде баардыгына бирдей дебаттарды уюштурат. Антпесек шайлоонун ушундай шайтан оюндары кыргыздарды регион аралык, улут аралык эле эмес, уруу-уруу болуп ыдырап, дос, тууган-урук, кудаа-сөөк ортолорунда да пикир келишпестиктерди жаратып, коомчулукка терс таасир этүүдө. Эгерде мындай кардиналдык өзгөрүүлөрдү азыркы криминалдык-олигархиялык депутаттар кабыл албаса, урматтуу президент өзүнүн буйруктары менен мыйзам чегинде чектеп койсо болот. 


Азыр Кыргызстанда эң көп талкууланган маселе 9%дык босого

Шайлоо тууралуу кеп болуп жатканда азыр коомчулукта (билген-билбегени да, түшүнүп-түшүнбөгөнү да) 9% деген чоң маселе боюнча кызуу талаш-тартыш болууда. Чындыгында босого керек, анын пайдасы – партиялар ирилешет, аягы келип жалпы Кыргызстанда азыркыдай 200дөн ашык эмес, ашып эле баратса 4-5, болбосо 2-3 партия болот эле. Эгерде биз жылдан-жылга бул босогону көтөрүп отурганда, айталы, азыр 5, кийинки парламент 7, андан кийин 9, андан ары балким 11 деп, 3-4 чакырылышка бөлүп койсок эволюциялык жол болор эле. Азыр биз 9%ды калтырсак, ар түрдүү варианттар болуп кетиши ыктымал. Алсак, 10дон ашык партия шайлоого катышса 1 же 2 партия бул босогодон өтүп (10 же 9% менен), калган 8, 7, 6, 5 пайыз алгандар сыртта калып, ызы-чуу болуп, арты “дагы революция болуп кетпейт” деп ким кепилдик берет? Же болбосо, бири да ал босогодон өтө албай калсачы? Анда эмне, кайра шайлоо болобу? Анүстүнө ошол босогодон өткөн 2-3 партиялардын баардык добушу биригип 30%дын аржак-бержагы болсо, ал эми калган 70% шайлоочулардын добушу сыртта калса, өткөндөрдүн легитимдүүлүүгү кандай болот? Иши кылып суроо көп. Ошондуктан аргамжыны алыс ыргытып, кийинки чакырылыштарда дагы да көтөрүлөт деп, азыр 5%га токтойлу. Анткени 3% аз, ал эми 7% көп, бүгүнкү кырдаалга 5% туура келет.

Бизде кандай маселе көтөрбөйлү, айтып-жазбайлы, талашып-тартышпайлы,  аягы келип президентке такалат, президентке кайрылышат. Мен да мындан сыртта калбай... 


Урматтуу Сооронбай Шарипович!

деп кайрылып, шайлоонун президентке тийешелүү маселелерин чөп башылап болсо да айтып коёюн. Ал мындай: биз шайлоо мыйзамдарын канчалык оңдобойлу, босого тосмолорду жөнөкөйлөштүрбөйлү, бирок сиз тарабынан шайлоону кынтыксыз таза өткөрүүгө саясый эрк жетишпесе, баары бир пул. Ал үчүн мурдунун учунан алысты көрө албаган, ою пас, аткошчу, сөз кошчуларыңызды угуп “бизге караштыкты өткөрөм” же Атамбаевдей болуп ар бир партиянын тизмесин түзүп, “бул биздики, тиги болсо душман” же дагы бир партияга жан тартам десеңиз эле иштин бүткөнү, анда эле элдин ишениминен   чыгып каласыз. Сиз журналисттер менен жолукканда “коррупционерлерди эмес, элди тандадым” деп жакшы айттыңыз. Кудай бар экен, ТЭЦ, альтернативдүү жол, “Датка-Кемин” чубалгысы, ипподром, музей, Дача-СУ ж.б. коррупциялык схемалар өзүнөн-өзү эле ачылып, “досуңуздун” чыныгы жүзү көрүнүп калды. Экперттердин айтымында, булар айсбергдин үстүңкү эле катмары, каза берсе дагы миллиарддар чыгат деп жатышат. Бирок “досуңуз” баарын бирөөлөрдүн колу менен “мыйзамдуу” түрдө жасап, миллиондогон долларды “мыйзамдуу түрдө” кымырып турган. Сиз карапайым элдин көзүн ачтыңыз, болбосо калайык кайдан билсин? Свет бар, ТЭЦтен жылуулук келип жатат, музей, ипподром иштөөдө. Буларды оңдоп-түзөйбүз, курабыз деп ошондон өөнөп жешкенин эл билбейт. Өөнөлгөн  миллиарддаган акча элдин мойнунда да. Эми-эми гана элдин көзү ачылып, мындай афераларды түшүнө баштады. Сиз мына ушул темпиңизден жана кайратыңыздан жазбашыңыз керек.

Коомдук пикирде Атамбаевдин шайкасынын ичип-жегени боюнча сурак берип жатышынын жыйынтыгын эл чыдамсыздык менен күтүүдө. Бирок алар дагы эле мыйзамды буйтап, “сүттөн ак” болуп чыга келишсе, албетте, бийликке, биринчи кезекте президентке болгон ишенимине доо кетет. Бирок сиздин абройду мындан да бийик көтөрө турган негизги маселе – астыбызда турган шайлоону таза, кынтыксыз өткөрүү. Мен буларды бекеринен салыштырып жатканым жок. Бизде эле эмес, демократиясы калыптанган мамлекеттерде да шайлоонун таза болушу президенттин жана мамлекеттин рейтингин жогорулатат. 

Демек, сиз шайлоону таза өткөрүү менен бизде чейрек кылым бою келаткан стереотипти бузуп, жаңы заманга жол ачып, өзүңүздүн атыңызды тарыхка алтын тамгалар менен калтырасыз. Эгер көмүскө криминалдардын, чала молдолордун, азыр “отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгып” жүргөндөрдүн сөзүнө кирсеңиз, “булар достор, тигилер душмандар” же “оппозиционерлер” дей турган болсоңуз, анда Акаев, Бакиев, Атамбаевдерден эч айырмаңыз жок болот. Азыр тиги үчөө кайда, аларды тегеректеп жүргөндөр кайда экенин сиз жакшы билесиз. Ал эми өзүңүз айткандай, “элди тандадым” десеңиз, шайлоону таза өткөрүп, элдин эсинде бир да душманы жок бул дүйнөдөн өтүшкөн И.Раззаковдой, С.Ибраимовдой түбөлүк каласыз. Шайлоодон кийинки үч жылыңызда ойлогон максаттарды ишке ашырууга жакшы шарт түзүлөт.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

Азыр заман өзгөрдү маалымат-коммуникациялык технологиялар мезгилинде нускасы бир-эки миңден ашпаган өкмөттүк гезиттерди жана КТРК деген “кара жашикти” эч ким көрбөйт да, окубайт да. Азыр Кыргызстанда алты миллион эл болсо, алардын колунда тогуз миллион телефон бар. Бир нече саатта эле элдин пикирин өзгөртуп койсо болот. Ошондуктан туура жолдосуз, эл менен болуңуз, алардын үнүн тыңшаныз, талабын угуңуз, алардын каалаганын терең ой калчап, чечим кабыл алыңыз. Ошондо сиз президенттик мөөнөтүңүздөн кийин да айыл чарбасын, региондорду көтөрүү боюнча коомдук ишмердигиңизди жасап, эл арасында болосуз. Аброюңуз азыркыдан дагы бийик болот. Бул менин аксакалдык сөзүм. 


Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор 

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер