Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Майкл Левитт, Нобель сыйлыгынын лауреаты: “Пандемия жакында токтойт”

Майкл Левитт, Нобель сыйлыгынын лауреаты: “Пандемия жакында токтойт”

25-март, 20:23
6 191 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Стэнфорддук биофизик Los Angeles Times гезитине берген маегинде коронавирус пандемиясы жакында токтоорун айтып, ЖМКларды паника кылбоого, жарандарды топ-топ болуп чогулбоого чакырып, ал эми бийликке болсо пандемияга каршы натыйжалуу күрөшүү, экономиканы кыйратып албоо үчүн социалдык изоляциянын адекваттуу чараларын көрүүнү кеңеш берди. 

Майкл Левитт дүйнөдөгү COVID-19 катталган учурларды январда эле анализдей баштап, Кытайда коронавирус качан басыларын саламаттык сактоо тармагындагы башка эксперттерден мурда так эсептеп айткан. Эми ал башка өлкөлөрдөгү абал кандай болору тууралуу ой бөлүштү.

Көп эпидемиологдор “алдыдыгы айларда, атүгүл жылдарда миллиондогон киши өлөт, планетанын эли массалык социалдык соккуга тушугат” деп айтып жатышкан кезде Левитт мындай сценарий ишке ашпайт, айрыкча социалдык аралык кармоо чаралары көрүлүп жаткан шаарларда жана өлкөлөрдө ага жол берилбесин белгиледи. “Биз паниканы көзөмөлгө алууга тийишпиз, - дейт ал. -- Баары жакшы болот”.

Анын айтымында, Кытайда 30-январь күнү 42 киши өлсө, 31-январда 46 киши өлгөн. Бирок, өлгөндөрдүн саны күн сайын өскөн менен оорулардын көбөйүү темпи төмөндөй баштаган. Ушундан улам Левитт дагы бир жуманын ичинде өлгөндөрдүн саны мындан да азаят (!) деген тыянакка келип, бул тууралуу отчетун ал 1-февралда досторуна жиберген. Алар болсо өз кезегинде социалдык түйүндөр аркылуу таратышкан. Айткандай эле көп өтпөй өлгөндөрдүн саны кыскара баштады.

Үч жума өткөн соң China Daily News басылмасына берген интервьюсунда Левитт вирустун көбөйүү чеги жетээр жерине жеткенин айтып, "Кытайда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 80 миң киши болот, 3250 киши өлөт" деп божомолдогон. Анын бул божомолу укмуш так чыкты: Кытайдын 1,4 миллиард калкы бар, күнүгө ар кандай оорулардан улам 10 миллиондон киши көз жумган өлкөдө 16-мартка карата 80 миң 298 киши ооруга чалдыгып, 3245 киши өлгөн. Жаңыдан оору жугузгандардын саны күнүгө 25 кишиге азайып отуруп, өлкө ичинде жашаган калктын арасынан оору жугузган бир да учур катталган эмес, оору аныкталып жаткандардын баары чет жактан келгендер.

Эми ал COVID-19 катталган 78 өлкөнү анализдеп чыгып, “айыгуу белгилерин” көрө баштагынын айтат. “Цифралар дале көп, бирок, өсүү темпи басаңдаганы даана байкалып турат” дейт Левитт. Мисалы, Иранда өткөн жумада COVID-19 аныкталган учурлар дээрлик өзгөргөн жок, дүйшөмбү күнү 1133 учур катталса, жума күнү 1148 учур катталды.

Албетте, биринчи толкун өтүп кеткенден кийин “вирус кайра келбейт” деп айтууга болбойт. Кытай азыр вирус көзөмөлдөн чыгып кеткен өлкөлөрдөн “импортко” келип калбоосу үчүн күрөшүп жатат. Башка өлкөлөр деле ушундай проблемага тушукту.

Левитт социалдык обочолонтуу, адамдарды бири-биринен оолактатуу чаралары, өзгөчө чоң жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу чечүүчү мааниге ээ катары эсептейт. Анткени, бул жаңы вирус, калктын ага карата иммунитети жок. Ал эми вакцина болсо бир нече айдан кийин гана пайда болот. “Азыр көчөгө чыгып, достор менен арак иче турган учур эмес” дейт окумуштуу.

Гриппке каршы эмдөө да өтө зарыл, анткени, коронавирус менен ооругандар көбөйгөнүнөн улам ооруканалар бат эле толуп, көбү каралбай калат. Анын айтымында, Италияда ушундай болду.

Ал ЖМКларды ооругандардын саны өскөнүнө жана вируска чалдыккан атактууларга көңүлдү буруп, жайдак жерден паника кылып ийишкенин сындады. Ошол эле учурда сентябрь айында 3 млн. 600 миң адам грипп менен ооруп, CDCтин маалыматы боюнча 22000 америкалык өлгөн. Бирок, бул тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. 

Окумуштуу экономиканын ири секторлорун жабылууга дуушар кылган карантин чаралары катастрофага алып келиши мүмкүн (!) деп чочулайт. Анткени, жоголгон жумуш орундары жакырчылыкка жана үмүтсүздүккө дуушар кылат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, экономика өнүкпөгөн учурда өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн саны өсөт.

Ооруну тесттердин эле жардамы менен эмес, Кытайда жасалып жаткандай, дене табын байкоо менен да эртерээк аныктоого жетишүү керек. Левиттин пикири боюнча, COVID-19тан өлгөндөрдүн саны жөнөкөй грипптен өлгөндөргө салыштырмалуу кыйла көп болгону менен бул али акыр заман келип калганын туюндурбайт. “Реалдуу абал кээ бирөөлөр сүрөттөп жаткандай коркунучтуу эмес” дейт Левитт мырза.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер