Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткен стратегиялык облус. ОИИБ начальниги Улан Жукенов татыксыз!

Баткен стратегиялык облус. ОИИБ начальниги Улан Жукенов татыксыз!

06-май, 13:31
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку кездери түшүнүксүз чечимдер кабыл алынууда. Маселен, Баткен ОИИБ начальнигине Улан Жукенов дайындалды. “Фишкасы” чүйлүк. Ротация шылтоосу. Ал эми өзү өмүр бою тергөөчү катары иштеген кадр, ээлеген ордуна тажрыйбасы да жетишсиз. Бир облусту башкарууга оперативдүү кызматтарды өткөн, дээрлик тепкичтерди баскан, РИИБ начальниги болгон кадр ылайыктуу болмок. Тилекке каршы, Улан Жукенов дайындалган кызматына татыксыз катары бааланууда. Өзү деле көп нерсени түшүнбөй, айрым жетекчилерге чалып, кеңеш сурап атканы кандай? Коошпой калды. Баткен стратегиялык облус, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. Алардын милиция башчылары, облусту тейлегендери оперлик кызматтарды басып өткөндөр. Генералдар. А биздики шүмүрөйгөн тергөөчү. Теңсиздик да. ИИМдин орун басары Нурбек Такабаевич кандайча байкабай калды? Анализ жүргүзүп, кадр саясатынан ката кетирбеш керек эле. Ай Такабаевич, бул эми сабак болсун, бирок мамлекет үчүн зыян! “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, эртең кокус жаңжал чыгып кетсе, сиз дайындап алып барган Улан Жукенов качып кетпейби? “Душман сүйдүрүп, дос күйдүрүп айтат” демекчи, алаңгазар мүнөздөн өйдө турсак.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер