Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Мамлекеттик мекемелерге кийлигишип, кимдир бирөөнү “ишке ал” деп таңуулаган туура эмес”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Мамлекеттик мекемелерге кийлигишип, кимдир бирөөнү “ишке ал” деп таңуулаган туура эмес”

17-октябрь, 20:06
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара Ашимовна, сизге “жумушка орношууга жардам бер” деп кайрылгандар көп болобу?

-- Абдан көп. Көбүнчө шайлоочуларым, иши жок аялдар кайрылышат. Менин бизнес чөйрөсүндө мыкты ийгиликтерге жетишкен курбуларым бар, “жардам бергиле, компанияңарга ишке алгыла, үйрөткүлө” деп көбүнчө ошолорго жөнөтөм. Ал эми мамлекеттик кызматтарга эч качан жибербейм. Анткени, өзүм прокуратура органдарында иштегем. Мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишип, кимдир бирөөнү ишке ал деп таңуулаган туура эмес болот.

-- Бирок, маселенин экинчи жагы да бар да. Айталы, окууну жакшы бүткөн, билимдүү жаштар иш таппай жүрсө, аларга кимдир бирөөлөр жол көрсөтүп, жардам бериши керек го? Ошондо чет өлкөлөргө иш издеп кетип аткандардын саны азыраак болот беле?

-- Биздин партия да ошондой активист жаштардын резюмелерин чогултуп, “конкурстан өтүп, резервге киргизип койгула, биз силерди жылдыралы” деп мыйзам жолуна салганбыз. Биздин көп жаштарыбыз резервде турушат. Азыр чынын айтканда, көп учурда жаштар кереги жок болуп эле калып атышпайбы. Эч ким сурабайт. А биз окууну бүткөндө сурайт эле “каякка иштейсиң?” деп. Ишке жиберет эле, “отработка кыл” деген талап да бар болчу. Биз кадр саясатын азырынча жакшы жолго коё албай жатабыз. Мыйзамдарыбыз жакшы, бирок практика жүзүндө алар дайыма эле аткарыла бербейт. Сиз абдан туура суроо бердиңиз. Биз мунун үстүндө иштөөгө тийишпиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер