Акыркы кабарлар
» Коом » Ат-Башыда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды, кичүүсү 2 жашта
Ат-Башыда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды, кичүүсү 2 жашта
21-декабрь, 18:21
979 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы гаражда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясы билдирди.
Алар үч кыз, эки эркек бала экени маалым болду: 16 жаштагы кыз, 15 жаштагы кыз, 10 жаштагы уул бала, 6 жаштагы кыз жана 2 жаштагы уул бала.
"Өзүнүн тиричилиги бар, орто жашаган, жакшынакай эле үй-бүлө экен. Конокко бара жаткандабы же келе жаткандабы, ууланып жатат, азыр такталууда. Социалдык коргоо кызматына да тактап, балдардын кимдин колунда кала тургандыгы боюнча маселени кароо тапшырмасы берилди" деп билдирди райадминистрациядан.
Эске салсак, 20-декабрь күнү Ат-Башы райондук милициясына Баш-Кайыңдыда аял менен эркектин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ошол замат жерине ыкчам-тергөө тобу барып, айылдагы гараждын ичинде токтоп турган “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаадан 39 жана 38 жаштагы жубайлардын сөөгүн көргөн.