Басмачылар жөнүндө калыс баян
Мамат Сабыровдун жаңы эле жарыкка чыккан “Ынак” аттуу китебин барактап отурам. Таланттын күчү дейбизби, же чыгармачылык өзгөчөлүкпү, Маматтын китебин бир баштап алсаң, аягына чыкмайын жаның жай албайт. Бул жолу да бир дем менен окуп чыктым. Анүстүнө, аңгемелери кыска, нуска, окуганга жеңил.
Автордун “Ынак” аңгемесин эч тартынбай эле “романдын жүгүн көтөргөн чыгарма” деп айтсак болот (жыйнак өзү да бекеринен ушул ат менен аталбаса керек). Болгону он барактан турган бул аңгемеде достук, адамгерчилик, ордо оюндары бар. Кокон хандыгы, анын ичинде Кудаяр хан жөнүндө көп эле жазылды, бирок Мамат Сабыров аны башкача өңүттөн, бала кездеги досунун көзү менен сүрөттөгөнгө аракет кылыптыр. Бул ирет биз кылычынан кан тамган каардуу өкүмдарды эмес, өз напсисинин, бийлик оюндарынын туткунунда калып, акыр аягында трагедияга туш болгон энөө адамды көрөбүз.
Анын басмачылык кыймылды чагылдырган “Кек”, “Достор” аңгемелери жөнүндө да ушундай эле пикирди айтууга болот. Басмачылык – бул биздин тарыхыбыздын эң трагедиялуу барактарынын бири. Эгер коммунисттик идеология мезгилинде ал бир беткей караланып келсе, эгемендик жылдарында, тескерисинче, басмачыларды идеализациялоо аракети жүрдү. Мамат Сабыровдун өзгөчөлүгү –ал бул кыймылга чынчыл көз караш менен карап, калыс, объективдүү баа берүүгө аракет кылган. Осмон корбашы менен Бөрүбек жүзбашынын жеке мамилеси аркылуу тарыхтын бир үзүмү көз алдыбызга тартылат.
Жогоруда айтылгандай, Мамат Сабыров кыска жазат. Бул да болсо мезгилдин талабын, окурмандын табитин туя билүүдөн го деп ойлойм. Анткени, азыр көлөмдүү чыгармалар көп окулбай калды. Азыркы окурмандын килтейген калың романдарды окуганга убактысы да, каалоосу да жок. Негизинен кыска, “атка жеңил, тайга” чак аңгемелер окулат азыр.
Белгилей кетчү дагы бир нерсе, жыйнакка автордун белгилүү жазуучу Кубат Жусубалиев менен он чакты маеги да киргизилиптир. Устат менен шакирттин дил маектерин буга чейин “Асаба”, “Агым”, “Учур”, “Азия Ньюс” гезиттеринен окуп жүргөнбүз. Эми болсо жыйнакка киргени биринчиден, китепке салмак берсе, экинчиден, адабиятка ынтызар окурман үчүн жагымдуу белек болот...
Жолборс Жоробеков, философ, саясат таануу илиминин доктору
"Азия Ньюс" гезити