Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19: Бир аптада миңге чукул бейтап катталды

COVID-19: Бир аптада миңге чукул бейтап катталды

26-июль, 11:08
383 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда соңку бир апта ичинде, 18-июлдан 24-июлга чейин, COVID-19 менен 981 бейтап катталды, алардын 128и соңку бир күндө аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 71и ооруканада, калган 910у үйүндө дарыланууда.

COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын апрель айында оору дээрлик катталбай калган, май айында кайра каттала баштаган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп болду. (RK)
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер