Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 14 жашар кызга нике кыйдырган айылдын имамы кармалды

14 жашар кызга нике кыйдырган айылдын имамы кармалды

23-ноябрь, 10:52
1 099 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14 жашаар кызга нике кыйдырган 29 жаштагы имам укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

Бул окуя Татарстанда Черемшан районундагы айылдардын биринде болду. Өзүн дин жолунда көрсөтүп, ошол айылдагы мечитте балдарга диний билим берип, окутуп, ал жерде имамдын милдетин аткарган 29 жаштагы Расул Салихов аттуу молдо ошол эле айылда жашаган 14 жаштагы Камила Асылгараева аттуу кызга нике кыйдырган.

14 жашаар өспүрүм кыздын үй-бүлөсү динди бекем туткан, апасы, өзү да мусулманча кийинишет, кыз жоолук салынып, ыймандуу көрүнөт. 

Укук коргоо органдары Камиланы суракка алганда: “Айылдын имамы менин колумду сураганда, менде кубаныч пайда болду” деп айтты.

Албетте, жашы жете элек кызды никелештирүү Татарстандын мыйзамы жол бербейт эмеспи. Алар мечитке барып эле мусулманча нике кыйдырышкан. Камила имам менен  мечитке диний билим алуу үчүн барганда таанышканын айтат. 

Камиланын айтымында алар ээн-эркин сүйлөшүү үчүн нике кыйдырыш керек болгон. Анткени, имам менен өспүрүм кыздын жакын сүйлөшүүсүнө дин жол бербейт болчу, "ошондуктан биз эркин сүйлөшүп, жакындашуубуз үчүн нике кыйдырдык" деди Камила. Нике кыйдыргандан кийин Камила менен айылдын имамы ээн-эркин жолугуп, эрди-катындай эле ээрчишип калышкан. 

Ал эми Камиланын апасынын айтымында алар никени экөө жөн гана сейилдеп, ээрчишип басуу жана сүйлөшүү үчүн гана кыйдырышкан. Экөө эрди-катындай чогуу болушкан эмес дейт.

Камиланын апасы имамга бир шарт менен нике кыйдырганын айтат. Камила 16 жашка чыкканча чогуу жашашпайт болчу дейт ал. 

Бирок, 14 жашар кыз менен отузга чыгып калган айылдын имамынын ээрчишип жүргөнү "балдарды коргоо" уюмуна жана укук коргоо органдарына жетип, имам убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ал эми Камиланын апасынын үстүнөн да кылмыш иши козголду.

Ошол айылда диний билим берип жүргөн имам Расул Салиховдун билимин текшергенде анын эч кандай расмий диний билими жок болуп чыкты. Ал тургай ал ошол айылда имамдык да милдетти аткарган эмес экен. 

"Чала молдо дин бузат" дегендей, өзүн имам көрсөткөн Расул Салиховду төрт жыл эркинен ажыратуу жазасы күтүп турат.
Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер