Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Мадылбеков: “Президенттин алгылыктуу иштерин өкмөт чабалдык менен артка тартууда”

Турат Мадылбеков: “Президенттин алгылыктуу иштерин өкмөт чабалдык менен артка тартууда”

17-январь, 18:27
1 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турат мырза, сиз ар дайым эл ичинде жүргөн адамсыз, элдин маанайы кандай, бийликке болгон нааразычылыктары барбы?

-- Бүгүнкү күндө тиягы Кемин, быягы Панфиловго чейин ар бир райондун эли менен жолугуп турам. “Бийликке болгон нааразычылыктары жок” десем, калп айткан болом. Бар, социалдык, экологиялык, ички миграция, жумушсуздук – ушунун баары өкмөттүн алсыздыгынан келип чыгып атат да. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин берген багытын жергиликтүү бийлик, анын башында турган өкмөт эл менен иштеше албай, аны туура жолго сала албай, чабал болуп, эл нааразы болууда. 

-- Айрым аналитиктердин баамында, “мурунку президент Атамбаев камалгандан кийин түндүк-түштүк ажырымы чоңойду, эл бөлүнүп калды” деген баасын беришүүдө. Сиз ушуну байкап атасызбы?

-- Атамбаев камалардын алдында экс-президент катары түндүк-түштүк маселесин көтөрүп койгону элди ойлондуруп салды. Атамбаев курал катары пайдалануу ою ишке ашпады. Түндүк-түштүк маселеси көшөгө артында кала берди. Бирок, “тынчып калды” деп бийлик, өкмөт жөн жата бербеш керек. Кадр маселесин ар бир райондон облуска, андан республикалык деңгээлге чейин бир сыйра карап, анализдеп чыгуусу абзел. 

-- Кой-Таш окуясын мамлекеттик комиссия иликтеди. Күч органдарынын жоопкерчилиги каралган жок. Элдин нааразычылыгы да ушул болуп аткандай. Эмне үчүн спецоперация жүргүзүшөт да, натыйжасы ийгиликтүү болгон жок? 

-- Мен укук коргоо органында 30 жылдан ашык иштедим. Мындай операциялардын далайын жүзөгө ашырганбыз. Спецоперация өтө кылдаттык менен ийне-жибине чейин иликтеп туруп жасалат. Кой-Ташка келе турган болсок, ал жердин жайгашышы, элдин саны, кайсы жерде таштар төгүлгөнү... эмне үчүн “таш төгүлгөнү” деп атам, себеби, биздин мамлекет эки жолу “таш операциясынан” бийлик алмашылды. Бу жолу да Атамбаев операциядан эки ай мурун “короомо таш төктүрдүм” деп какшап келбеди беле? Жок дегенде ушул жагдайды эске алып, операция учурунда чогулган жана чогула турган элди төгүлгөн таштардан оолак кармоо жагын карашса болмок. Ошонун айынан канча деген эл жабыркады. 

-- Мамлекеттик комиссияда күч органдарынын ката кетирген жетекчилеринин жоопкерчилиги каралган жок, ушул боюнча оюңуз кандай? 

-- Баардыгы дыкат даярдалбаганын, кетирген кемчиликтерин түз көрсөтпөсө да кыйыр түрүндө белгилеген жактары бар. Комиссиянын толук укугу бар болчу, кандай чара көрүш керек, ошону айтып, көрсөтүп кетсе болмок. Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырма гана берип койду, “жоопкерчилигин карагыла” деп. Операцияны жүргүзгөн жетекчилерге кандай жаза берилет? Тез аранын ичинде элге, коомчулукка айтышы керек, убакыт болсо өтүп, эл күтүп атат.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер