Соке менен Кашкарды коргоо кимге керек? Бийликтин беделине шек кетүүдө

Кой-Таш иши боюнча сот отуруму улам создугуп, ар кандай шылтоолордун негизинде жыйынтыкталбай келет. Буга чейин УКМКнын мурдагы орун басары Орозбек Опумбаев келип катышкан эле. Жарга такалса да... Ал эми Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев эмнеге качып жүрүшөт? Мыйзам баарына бирдей каралышы керек да. Соке резиденцияда мыйзамсыз иретте жашап, мамлекеттин ырыскысын жеп-ичип жатканы кандай? Ал эми Кашкар Жунушалиев үйүндө эле жүргөнүн көргөндөр айтышууда. Негизги күнөөкөрлөр калкаланып атса, кайдагы адилеттүүлүктү күтөбүз? Андыктан, Соке менен Кашкарды тезинен сотко мажбурлап алып келүү шарт. Айыптары ачык айтылышы зарыл. Ошондо гана кыргыз эли бийликтин калыстыгына баа беришет. Туурабы? А болбосо көз будамайлоо менен муратка жетүү кыйын. Реалдуулук, акыйкаттуулукту тутунган бийлик гана абройго жетет эмеспи. Ушул жагын эске албай жатышканына таңгаласың...
"Азия Ньюс" гезити