Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дүйнөдө пандемия күч алууда. А биздин өкмөт саясат менен гана алектенүүдө”

“Дүйнөдө пандемия күч алууда. А биздин өкмөт саясат менен гана алектенүүдө”

05-ноябрь, 15:44
358 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздө коронавирус кайрадан коркунуч жаратууда. Тилекке каршы, шайлоого карай саясый жолугушуулар күч алууда. Той-аштар да көбөйдү. Өкмөт чектөөлөрдү жасаган жок. Кандай түшүнсөк болот?” деген суроо салдык. 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

-- Ковид жаңы башталып, Жалал-Абадан алгачкы жараныбыз каза болгондо, баарыбыздын үрөйүбүз учуп, үйдөн чыкпай калган элек. Азыр болсо баарына көнүп, 5-6 адам каза болуп жатса да камаарабай басып жүрөбүз! Ковидден дагы шайлоо лихорадкасы күчтүү болуп кетти. Той-топур кадимкидей өтүп жатат. Штрафы үч миң сом болсо "чо, кейиш?" дегендей эле болуп жатат. Бирок, эми көздү ачып, сактанбасак, катуу капсалаңга кабылабыз, бул бышык. Сактанууну кайрадан мамлекеттик деңгээлге чыгарып, карантинди жалпы болбосо да кооптуу аймактарга сөзсүз киргизүү зарыл. Жети-Өгүз районунда эле бир айылдан удаа-удаа эки жаран ковидден каза болду. Бирок дагы деле кенебей жүрөбүз. Эй кыргызым, бийлик башындагылар, баарыбыз камаарабай от менен ойноп турабыз, ошондуктан, эртерээк эсибизге келип, этегибизди да, эшигибизди да, оозу-мурдубузду да жаап, коргонбосок болбойт!

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Биринчиден, ошо мамлекет башчылары элдин тынччылыгын ойлонуш керек да. Төрт жашар неберем васкулит болуп, келиним экөөбүз алмак-салмак карап атканбыз. Ошол ооруканадан ковид жуктурдук. Палатабызга аябай оор акыбалда, колу-бутун кыймылдата албаган бала жаткан. Апасынын боюнан түшүп, ал да ооруканада экен. Анан аны түнү менен карап, эки күндөн кийин келиним болуп да ал баланы каралаштык. Ошондо мен доктурларга чырылдап, “биз эртең-бүрсүгүнү чыга турган болсок, оорулуу баланы эмне алып келип койдуңар?” дегем. Мына ошол жерден бизге жугуптур. Анализ алышканда менден, сегиз айлык боюнда бар келинимден, неберемден анализ “положительный” чыгып калбадыбы. Башка жактан эч бир шегим жок. Ага чейин башка жакта болгон эмес элем. 

Муну эмнеге айтып атам? Эл чогулган жерлер, вокзалдар, базарлар, аэропорттор, ооруканалар мамлекеттин көзөмөлү жок калып атат. Беткап тагынган киши деле жок. Бул оорунун коркунучтуу экенин, ден соолукка чоң залакасын тийгизерин билбей атышат. Биз Кыргызстан эмнеден аксап калдык? Саясатка абдан катуу берилип кеттик. 4-октябрдагы парламенттик шайлоо баары бир жылдырылды. Ушуну мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алып жылдырса болот эле да. Үгүт иштеринде жүздөгөн кишилер кучакташып, өбүшүп көрүшүп атышты. Андан кийин митингде миңдеген адамдар арасынан бир да беткапчан адамды көрбөдүк. Эми бүгүнкү күндө президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров түштүктө 2-3 миң адамды чогултуп жүрөт. Бул оору менен саясый деңгээлде, аң-сезим менен күрөшпөсөк болбойт. Өзүмдүн башымдан өтүп атат. Демигип, аба жетпей калган учурларымда бүт баары көзүмөн учуп кетет экен, эч нерсенин кереги жок болуп калат тура. Ошону бийлик башындагылар ойлонуш керек болуп калды. Шайлоону керек болсо 2021-22-жылдарга жылдырып салса болот. Кыргызстандагы адамзатты сактап калыш үчүн саясый эрк менен, элге жеткиликтүү маалымат менен “ой, бул оору оңой эмес. Келгиле, шайлоону нары жакка жылдыргыла!” деген адам керек болуп атат. “Чимкирик” болсо да парламент отура берсин. Жаман болсо да президент отура берсин, иштесин. Мамлекетти, элди сактап калам (!) десе, өкмөт саясый амбицияны четке кагып, жакшы чечимдерди кабыл алганы оң!

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- Эки өпкөмдөн внебольничная пневмония болуп чыктым. Ооруканада жатканымда доктурлардын акыбалын өз көзүм менен көрүп, СИЗ (Средство Индивидуальной Защиты) жана башка кийим-кечелериндеги кемчиликтерин сынга алып, коомчулукка жар салып чыкканымда, Жээнбеков баш болуп, 7-кабат каралоого айландырып жаман көрүшкөн. Бул дүйнөлүк чоң илдет болуп аткандан кийин Кыргызстан да адам өлүмү боюнча, медицина кызматкерлеринин өлүмү боюнча (элдин санына салыштырмалуу) 1-орунга чыкканбыз. Аны Жээнбековдун убагында жаап-жашырып, 1,5 миң кишини ылдый түшүрүшүп, “700дөй киши” дешти. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деген кыргызда макал бар. Тескерисинче, болгонун болгондой айтып, даярдыгын, камылганы алдын ала көрсө болот беле? Тажикстан президенти ачык эле “бизде акыбал өтө оор” деп айтып, ВОЗдон жана башка эл аралык уюмдардан жардам алып алды. А бизде керек болсо ошол эле Тажикстандыкынан, Өзбекстандыкынан көп адамдар чалдыкты. 33 млн. калкы бар Өзбекстан, 9 млн калкы бар тажиктер ушинтип чырылдап атышат. Кыргызстанда болсо болгону 6 млн. эл бар, анын бир миллиону сыртта жүрөт. Ошондо да биздин өкмөт, жогору жактагылар эч бир камаарабай жүрүштү, ушу кантип болсун?! Эң негизги жүрөктү оорутканы – парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бийликтин үч партиясы элди каалагандай чогултту. Аларга тыюу болгон эмес. Эми болсо жолугушуулар көбөйдү, той-аштар, чогулуштар башталды. Бизде даярдыктар жок деп эле айтсак болот. Бюджет бош, каражат жок. Саламаттык сактоо кызматкерлерине тийешелүү айлык, кийим-кече тиги-булары жетишсиз. 

Жакында эле Түркияга барып келдим. Аэропортуна баратсам дене табымды кирип баратканда, чыгып баратканымда текшерип атышат. Ичинде да сактыкты кармашууда. Жер-жерлеринде колуңду сыйпай турган антисептиктер турат. Дүкөнүнө кирип баратсаң текшерилесиң. А биздин аэропортубузга учуп келгенибизде караган киши болгон жок. Бу кандай коопсуздук? Кытайдан бир самолет, тиягы Лондондон, бул жагы Африкадан келди. Аларды текшерген доктурларды же башка адистерди көргөн жокмун. Коронавирус күчөдү, күн сайын 400-500 адамдан кем эмес чыгып, 4-5 адам өлүп атат. Буга өкмөт эч бир маани берген жок. Коңгуроо какканын көрө да, уга да элекмин. Менин эле эң жакын деген адамдарымдан 12 кишиден ажырадык. Туулуп өскөн айылымдан он күндө он киши көз жумду ушул оорудан. Коңшу Дархан айылынан бир күндө 5 адамдын сөөгүн койгон күн болгон. Республика боюнча анан кайдагы 700 киши, анан башка бирөөнүн өлүгүн көмгөндөр да болду. “Мына, сенин энең өлүп калды. Сөөктү ачпагыла” дегенинен алпарып, ачпай туруп көмүшүптүр. Эртеси энеси “ээ айланыйын балдарым, үч күндөн бери жок болуп кеттиңер. Мага мобу дарыны апкелип бербейсиңерби?” деп телефон чалыптыр. А балдары анда кимдин сөөгүн көмүштү? Туура эмес маселе болду. Бишкекте болгону бир эле оорукана бүтүп атат. Калган Ош, Нарында бүтө элек. Ал эми дары-дармектери даярбы, билбейсиң. Жанагы “клексан” деген дарыны мен 8 миң сомдон алдым эле, “кызыл кулактар” Бишкекте 13 миң сомдон сатканын өз көзүм менен көрдүм. Ушундай болуп кетпесине ким кепилдик бере алат? Ушуларды мен айтпасам, анан ким айтат?          


Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер