“Каралоо күчөдү. Фейк аккаунттарды жазалоо мезгили келди”
“Шайлоонун үгүт иштеринде кара пиар катуу жүрүүдө. Фейктер партияларды, талапкерлерди чабуулга алышууда. Деги эле каралоо боюнча кандай ойлойсуз?” деген собол таштадык.
Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:
-- Партияны болобу, же жеке талапкер болобу, эл алдында аны каралоо – бул адепсиздик, саясый маданияттын жоктугу. Ошончолук эле ал адам тууралуу кеп айткың келсе, ыймандай чындыкка, так, даана фактыга таянып, негиздеп сындап чыккан оң го... Ооба, азыр шайлоого карата өз кызыкчылыгы үчүн айрымдар фейкке жамынып алышып, атаандашына болобу, өзү жактырбаган талапкер, партиягабы, айтор, кара пиар жүргүзүп киришти. Шайлоочу баарын терең талдап, туура же туура эмес маселени өзү гана тескеп туруп, анан чекит коюп, жыйынтык чыгарсын. Ар кимге ишенбей, туура жолун тандашсын. Болбосо, азыр фейктерге да ишенип алгандар көп.
Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Бул шайлоодо фейк аккаунттар бир тараптуу гана чабуул коюп, калпты-чынды койгулап, кайсы бир талапкерди коргоо максатында, же экинчи талапкерди каралоо, курулай жамандоо, ыплас иштерге баруу менен коштолуп атат. Негизи мындай болбош керек. Эгер ошончолук эле айткың келсе, өзүңдүн аккаунтуң менен ал талапкерге фактынын негизинде чындыкты далилдеп бер. Айта албасаң, андай ыплас иштерге, курулай каралоого бардыңбы, мыйзам чегинде жооп беришиң керек. Бул боюнча укук коргоо органдарынын тийешелүү кызматы натыйжалуу иш алпарбай атканы өкүндүрөт.
Рита Карасартова, укук коргоочу:
-- Кара пиар – бул шайлоодогу кадыресе көрүнүш, ошондуктан каралоо менен күрөшпөй, мамлекеттеги билим берүүнү жакшыртканга кетишибиз керек. Анткени билим берүү жакшы болсо, кыргыз элим туура багыт издегенге, анын фейк экенин аныктаганга, текшергенге, чынчыл маалыматты талдаганга, андан тыянак чыгарганга жөндөмдүү болмок. Ошол багытта кетсек, фейктер өздөрү жоголуу жолуна түшөт, себеби, аларды тараткан кишилер азаймак. Андыктан, билим берүү тармагына көңүл буралы.
Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
-- Каралоо – бул кылмыш. Азыр антикоррупциялык кеңеш жана башкы прокуратура бирге андай кылмыштарга каршы иштеп жатышат. Жарандык коом да эгемендүү көзөмөл жасоодо. Биз мындай жат көрүнүшкө жалпылап киришкенибиз оң. Курулай жамандоо, адамдын кадыр-баркына, беделине жөн жерден кара булут айланттуу жана терс маанидеги коомдук пикир жаратуу – туура эмес иш. Андайларды тезинен аныктап, мыйзамдын чегинде жазалоо, чара көрүү керек. Өзгөчө сөгүнгөн-сагынган, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан ажаан аккаунттар бар. Аттарын жашырып, статусуна өз сүрөттөрүн койбойт, койсо да патриот сымал кыргыздын желегин же жырткыч жаныбардын сүрөттөрүн коюп алышат. Бирок, ката жазгандарына кыжырың келет. Фейк аккаунттардын коомдо зыяндан башка пайдасы жок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити