Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Абакиров: “Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү” мыйзамы туруктуулукту жок кылат”

Эльдар Абакиров: “Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү” мыйзамы туруктуулукту жок кылат”

06-август, 13:55
2 911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү” тууралуу мыйзамга бизнес коомчулук нааразы болуп, президентти ага кол койбоого чакырды. Мыйзам эмнеси менен коркунучтуу?

-- Кыргызстандын экономикасы деген эмне? Бул – ишкерлер Түркмөнстанга окшоп газ сатуу, же Казакстан, Россияга окшоп мунай жана башка кен байлыктарды сатуу эмес. Бизде ишкерлер аркылуу гана мамлекеттик казына толот. Бюджетте акча болсо баары болот: билим берүү, саламаттык сактоо, коргоо жана башкалар. Демек, өкмөттүн эң биринчи кыла турган жумушу – ишканаларды көбөйтүү, ишкерлерге ылайыктуу, туруктуу шарттарды түзүп берүү. Бул мыйзам туруктуулукту жокко чыгарып жатат. Мисалы, бүгүн мен 12% кошумча нарк салыгын төлөсөм, булар мүмкүн аны 15-20%га көтөрүп салышат. Менин бизнес планым, сатып алган жабдыктарым, кылган инвестициям мурунку салыктарга карата түзүлгөн. Министрлер кабинети бул мыйзамдын негизинде жоболорду өзгөртүп салса, мен банкрот болушум мүмкүн. Нормалдуу инвестор мындай мамлекетке инвестиция кылбайт. Салык да көбөйбөйт, бюджет да толбойт. Мыйзамдын эң жаман жери – дестабилизацияга алып келет, туруктуулукка кепилдик жок. Бул Кыргызстандагы инвестициялык климатты бузуп, ал аркылуу бюджетке, жалпы өлкөгө да зыянын тийгизет.  

-- Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров алдыңкы 3-4 айда экономикага оор болорун айтты. Бирок, азыр деле жеңил болуп жаткан жок да?..

-- Албетте, оор болот. Бул буга чейинки кылынган иштердин жыйынтыгы. Коррупцияны жеңе албай жатабыз, коронавирустун да таасири бар, бирок, өкмөттүн негизги кыла турган милдети – бул оорчулуктарды жеңүү, элге жеңил шарттарды түзүп берүү. Мына ушуларды ойлонуш керек. Коркуткандан эч пайда чыкпайт. Кризиске каршы программа болсо жакшы болмок.

-- Бул жылы ИДПнын көлөмү канчалык өзгөрөт деп болжолдойсуз? Биринчи кварталда өсүш болгону байкалды эле...

-- Бул жылдын экономикасы боюнча Дүйнөлүк банк сыяктуу бир катар институттар өзүнүн божомолдорун берип жатышат. Ага ылайык, экинчи жарым жылдыктан баштап Кыргызстандын экономикасы бир аз болсо да өсөт. Бирок, өсүүдө “номиналдуу”, анан “реалдуу өсүү” деген бар. Номиналдуу өсүү акчалай санаганда нөлдөн жогору болушу мүмкүн, реалдуу өсүү инфляцияны, товарлардын кымбатташын эске алганда, жалпысынан ар бир адамдын жашоосуна негативдүү таасир эте турган өсүү болот деген ойдомун.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер