Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Өкмөткө чечкиндүү, таза жетекчилер келсе, 6 ай аралыгында көзгө көрүнө турган реформалар жасалат”

Элдар Абакиров: “Өкмөткө чечкиндүү, таза жетекчилер келсе, 6 ай аралыгында көзгө көрүнө турган реформалар жасалат”

05-июнь, 23:45
1 277 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИДПнын кескин төмөндөөсү, бюджеттин абалы, алдыдагы шайлоо, өкмөттүн иши, жыштык чуусу ж.б. актуалдуу маселелер тууралуу экономика министринин мурдагы орун басары, КЛДПнын теңтөрагасы Элдар АБАКИРОВ менен маектештик.

-- Элдар мырза, эки айдан узагыраак созулган карантин экономикабызга чоң сокку алып келди. Айрыкча ИДПнын кескин төмөндөгөнү ж.б. кесепеттери айтылууда. Мурдагы экономика министринин орун басары кызматын аркаладың, биздин бюджеттин азыркы акыбалы алаканга салгандай эле көрүнуп турса керек?

-- Негизи Кыргызстандын экономикасын өтө жөнөкөй эле түшүнсө болот. Биз чоң деле өлкө эмеспиз. Экономикабыз деле өтө жогору эмес. Ички дүң продукциянын 50%ы бул кызматтар да. Аларга ошол эле кафе-ресторандар, чачтарачканалар, курулуш кызматтары, ошол эле “Дордой” базары баштаган сатуучу жайлар, дүкөндөр кирет. Кыргызстандын ички дүң продукциясы 7 млрд. доллар болсо, ошонун 3,5 млрд. доллардан ашыгы ошол кызматтардан түшөт. Биздин карантин марттын 15-20ларында башталып, эки жарым айга созулду. Бир жылда 12 ай бар болсо, иш алпаруучулардын эки жарым айда 80-90% жумуштары токтоду. Демек, 7 миллиарддын 3,5 миллиардынын 2,5 млрд. долларына сокку болду, б.а., 600-700 млн. долларлык жоготуу. Сокку – бул жумуш орундары жана салыктан бюджетке түшө турган акча.   

Андан тышкары, бизге сырттан келген мигранттардын акчасы бар. Бул 2-2,5 млрд. долларды түзөт. Алар деле эки-үч айга токтоду. Экинчиси, болжолдуу түрдө мигранттарыбыздын жарымы жумушсуз калды. Мейманкана, тейлөө, соода тармагы да иштеген жок. Курулуш иштери азыраак жүрүп жатты. Азык-түлүк дүкөндөрүндө кассир, логистика ж.б. саналуу кызматтагылар гана иштешти го. Бирок, көбү жумушсуз калды. 

Орусияда эми гана иштер башталганы турат. Кайра эле 2,5 млрд. доллардын 1 млрд. долларына чейин Кыргызстанга келбей калышы айкын. Ошондо дагы 1 млрд. долларды алып салсак, бизде 5 млрд. доллардын тегерегинде акча эле калып жатат. Биздин экономика 30%га артка кетти. Бул биздин экономика үчүн өтө оор сокку. Бирок, биздин негизги оюбуз – элибиз көптү көргөн сабырдуу эмеспи. Өтө деле көтөрүлүп кеткен жайыбыз жок. Сабырдуулук менен жеңебиз. Азыр  карантинден кийин аткара турган өтө көп жумуш бар. Карантиндин соккусунан чыгып кетүү үчүн бир топ туура чаралар көрүлүшү керек. Өкмөт тез арада чара көрбөсө, абал ого бетер оорлошуп кетиши мүмкүн.

-- Бюджетке түшпөгөн каражаттардын айынан июнь айынын пенсия-пособиелери кечигиши же кыскарышы да эл арасында айтылууда...

-- Такталган маалымат болбосо да, андай сөздөрдү угуп жатам. Мисалы, мамлекеттик кызматтагыларга, мэриядагыларга “30%га жакын айлык акыңарды албай каласыңар” же “30% эле акчаңарды аласыңар” деген сөздөр болуп жатыптыр. Мындай болушу мүмкүн. Анткени ай сайын чогулган акча кайра ай сайын таратылат. Демек, эки-үч айда бир топ акчалар чогулбай калды, себеби,  бюджетте акча жок.

-- Көп жардамдар келди. Бирок, булар туура жумшалбаганы, дагы деле коррупциялык иштер жүрүп жатканына эл нааразы..

-- “486 млн. доллар жардам келди” деп окуп жатам. 50 млн. доллар Азия өнүктүрүү банкы, 122 млн. доллардан эки жолу Дүйнөлүк банк которду. Башка институттар да берип жатышат. Анын 20-30%ы грант түрүндө болсо, калганы кайра элдин мойнуна түшө турган насыя акча. Бул акчаны туура пайдаланбасак, 4 млрд. доллар тышкы карызыбыз дагы жарым млрд. сомго көбөйүп кетүүдө. Бул жерде өкмөттүн түздөн-түз чоң жоопкерчилиги турат. Карызды көбөйтпөй, туура колдонуп калуулары шарт. Бул акчаны биз ишкерлерге таратышыбыз керек. Өтө жакшы жеңилдик менен 3-4%дан ашырбай максималдуу түрдө ишкерлерге таратсак, жумуш орундары кайра көбөйөт. Кайра салыктар түшөт. Экинчи чара “делигирование” деп коёбуз. Азыр бизде 300дөн ашык лицензия уруксаттар бар, ошону кемитип, эки эсе кескин кыскартыш керек. Ар бир лицензиянын артында бюрократия, коррупция турат. Башкача айтканда, ишкерликти токтотуу максаты турат да... 

Бизде күч органдарында өтө чоң коррупция бар. Ошол эле прокуратура, УКМК, финпол, бажы, салык кызматтарын айталы. Ошонун баарын капиталдык түрдө тазалаш керек. Алар тазаланбаса, ал жердеги адамдар жаңырмайынча маселе чечилбейт. Инвесторлорду, ишкерлерди талкалаган так ошол мамлекеттик органдар болууда. Муну жаңыртмайынча маселе чечилбейт. 

Эми бюджетти толтуруу үчүн акчаны кайдан алабыз? Биздин экономиканын 30-40%ы көмүскө экономикада. Бажыдагы чоң контрабанда, чогулбаган салыктар ошол эле “Ак тилек”, “Чалдовар” өткөрмө бекеттеринде көп жерден салыктар төлөнбөй өтөт. Мындай контрабандаларды тез арада жоюу керек. Бул бир гана автоматизация аркылуу камера коюу, бажы, салык органдары, УКМК баарынын автоматташкан базалары бар. Ошонун баарын адамсыз катуу көзөмөлгө койсо, жылына Кыргызстандын бюджетине 30-40 млн. доллар кошулушу мүмкүн. Коррупция менен көмүскө экономиканы жеңүү аркылуу кыргыз эли кризистен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Буга чечкиндүү чаралар керек. Түз айтканда, өкмөткө чынчыл кызматкерлердин келиши зарыл.

-- Эми кепти алдыдагы шайлоого бурсак. Силердин КЛДП азыр кандай абалда? Шайлоого даярдыктар кандай?

-- Ачык айтканда, КЛДП деп мен, Жанар Акаев, Сейтек Качкынбай болуп жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого чыкканбыз. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 12-апрелде болмок. Ош, Токмок, Каракол шаарларына аттанып жатканбыз. Бирок, пандемиядан улам бул шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Эми бир ай ичинде же эмки жаз айларына калары боюнча сөздөр жүрүүдө. Биз шайлоо аркылуу жаштарды ойготуп, жаштар менен кошо Жогорку Кеңешке барууга максат койгонбуз. Ошол үч шаарда туруктуу, күчтүү командабыз бар. Жогорку Кеңеш – бул өтө чоң шайлоо. Өтө көп адамдар, арбын акча керек. Биз да кеңешип, “кайсы күчтөр менен бириксек болот?” деген сүйлөшүүлөр болду. Ошол күчтөрдүн 30-40%ы жаш партиялардын өкүлдөрү. Аны бир жума аралыгында элге жарыялап, кимдер менен шайлоого аттанарыбызды айтып чыгабыз. 

-- Чоң партиялар менен да биригүүлөр күтүлөбү?

-- Бир топ тааныштар “Элдар, кайра эле баягы эскилерди кошуп алсаңар болбойт, кайра эле эскинин ырын ырдап каласыңар” дейт. Макул, жаштардан бизге кошолу, бирок “чын жүрөктөн Кыргызстанды ондойм” деген саясый амбициясы, мүмкүнчүлүктөрү барлар өтө аз экен. Колдон келишинче чогулттук. Бирок, мурунку күчтөрдөн кошууга туура келип жатат. 

-- “Мамлекетибизди тез өнүктүрө турган мекенчил, эл үчүн күйгөн адамдар бийликке келсе” деп үмүттөнүп күтүп келебиз. Мисалы, күчтүү жаштар бийликте иштей башташса, мамлекетти тез өнүктүрүүгө жол ачылабы?

-- Менин оюмча, 70-80% чечкиндүү, таза жетекчилер келсе, 3-6 ай аралыгында көзгө көрүнө турган реформаларды жасаса болот. Бул өкмөттү ким түзөт? Парламент түзөт. Ошон үчүн парламенттин кеминде 20-30%ын принципиалдуу таза кишилер түзүш керек. Өзүнүн бизнесин коргой турган эмес, коррупцияга малынбаган, “балык” эмес, принципке туруп, эл үчүн иштей турган өкмөттү түзүп, ошолорго жардам бере турган парламент келсе, көзүм жетип турат, көп иш кылса болот. 

-- Азыркы өкмөттүн иши, чуу жараткан жыштык тууралуу пикириңди уксак?

-- Жыштык – бул акыркы көзгө чоң көрүнгөн маселе. Чынында ал жерде өтө көп иштер болууда. Ал жерде принцибине туруп, таза иштей турган кадрдын баарын тазалап салышты. Өздөрүнө ылайыктуу “макул шеф” деген аткаруучуларды өкмөт өзүнө кошуп алды. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык аукцион аркылуу 25 миллион долларга сатылган экен. Ал эми Абылгазиевдин учурунда 200 мегагерц жыштык 700 сомго сатылган. Айырмасы 300 млн. доллар болуп жатат. Демек, бул ТЕЦтен үч эсе чоң коррупция. Маалыматтар келип жатат, “ошол жыштыкты өткөрүп алган Казакстандын өкүлдөрү келип, премьерге кирип чыккан” деп айтышууда. Демек, бул биздин  экономикабызга чоң залака келтире турган иш. Жогоруда “карантинде 600-700 млн. долларга артка кеттик” деп жатпайбызбы, ал эми бул жерде 300 млн. доллардын маселеси жатат. Бул биздин карантинде жабыркаган каражаттын жарымы десек туура болчудай. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер