Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азык-түлүк, тарифтер кымбаттап, элдин жашоосу артка кете баштады”

“Азык-түлүк, тарифтер кымбаттап, элдин жашоосу артка кете баштады”

22-май, 19:30
4 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өкмөт салыктардын наркын көтөрүп, дээрлик ишкерлерге кыйынчылык жаратканын кандайча чечмелейбиз? Алардын асты чет өлкөлөргө чыгып кете башташканын кантебиз? Ошол эле кезде контрабанда аркылуу жүк ташыган шылуундар "крышалары" аркылуу иштеп жатышканын кайда жашырабыз? Көмүскөдө айланган миллиондор тыйылган жок го? Бизнес чөйрөсүнө карата кош стандарттуу мамилеге чекит коюлбай калдыбы? Мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алып барат?” деген узун суроо узаттык.

                                                       

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Мурун кош (эки) стандарттуу болсо, азыр 4-5 стандарттуу болуп кетти, ушундай бир балээ болуп калдык. Мунун аягы кандай болору белгисиз. Иши кылып, тырмалаңдап иштеген карапайым элдин башына түшкөн түмөн түйшүк болду. Канча убакыттан бери какшап келатам, башкаруу бийлиги, аппарат абдан чаржайыт, бири-бирин кайталаган бийлик бутактары... Мисалы, ордо калаабызга төрт райондук башкаруу бийлигинин эмне кереги бар? Бир гана мэрияны калтырып, калган райондордун баарын жоюп эле салган оң. Андагы мамлекеттик чиновниктерге кеткен айлык акы менен мамлекеттик бюджетти толтурса болот да. Ооба, эби жок салынган салыктын айынан канчалаган ишкерлер кыйынчылыкка чыдабай, “тойдум байдын кызына” деп өлкөдөн чыгып кетип атат. Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы “жеке ишкерлерге жардам берели, колдойлу” дегени менен бери жактагы жемкорлор баардык жагынан кысып атпайбы! Ар кандай кагаздарды ойлоп таап, элди кыйнап атышат. Райондорду ирилештирип, облустарды кыскартып, ашыкча кызматтарды, министрлик, агенттиктерди жоюп, чиновниктердин санын азайтуу кажет. Мамлекет, анын ичинде өкмөт быйылкы кургакчылык жазда айыл чарбаны калыбына келтирүү, сугат маселеси жөнүндө ойлонбой эле салыкты эпсиз көбөйтүп, аны менен бирге коммуналдык тейлөөнүн тарифтерин жогорулатып атат. Ага жараша азык-түлүк күн сайын, саат сайын кымбаттоодо. Элдин жашоосу артка кете баштады. Аны менен бирге элдеги чыңалууну айтпай эле коёюн...

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Өлкөбүз эгемен алгандан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Кыргыз өкмөтү, анын ичинде баардык тармактар деморализация нугуна түшкөн. Ошондон улам уурулук күч ала баштаган. Аны менен бирге коррупция гүлдөп, мамлекеттик бюджетке салык тийешелүү шартта түшпөй калган. Көмүскө экономика баардык жерде кучагын жайды. Эми салык системасына жаңы формат киргизилгенден кийин ууру-кескилердин “куйруктары” кыйылып, айласы кеткенде “ой, салыкты көбөйтүп салдыңар, ККМди киргизбеш керек болчу” деп доомат коюп, кээ бирлери сырт жакка качып атышат. Анткени, алар коррупцияга малынып, салык төлөбөй, акциздик маркалардын жасалмаларын колдонушчу. Мына ошолордун баары билинип калып, кай бирине кылмыш иши козголгондо качып кетип атпайбы! Айтмакчы, өлкөбүз экономикалык кыйын кырдаалга туш келди. Бир жагынан өкмөт салык системасын реформалап, көмүскөдө оборот кылынып аткан акчаларды тапканга далбастоодо. Экинчи жагынан соодагерлер карама-каршылык көргөзүп атышат. Биздикилер алганды билишет, бергенди билишпейт. Европада 70 пайыз салык төлөйт, бизде 27 пайызга көтөргөндө бакырып чыга калып атышпайбы. Тийешелүү түрдө салык түшпөсө, мамлекет кантип сакталат, кантип өнүгөбүз?..

Төлөн Абдыров, экономика эксперти:

-- Негизинен биздин мамлекетке мурунтан эле салык реформасы керек болчу. Жалпысынан биздин Кыргызстандын салыгын карап көрсөк, жаман эмес. Эң негизгиси, эгемендик алгандан бери көпчүлүгү салык төлөбөй бизнес жүргүзүп көнүп калган. Айрыкча патент системасын киргизген учурда ишкерлер кандайдыр бир өздөрүнө ылайыктуу жылчыгын таап иштеп келатты. Ал эми аткезчилик менен шугулдангандар мурун деле бар болчу, азыр деле ошентип келатат. Аларды укук коргоо органдары, салык кызматы изилдөө жүргүзүп, жөнгө салыш керек эле. Бизде бул жагы кандай болуп атканы белгисиз. Ошол эле учурда мыйзамдын жолунда мамлекетке салык төлөө жагын тандап алгандар учурда кыйналып атышат. А эң негизгиси, салык реформасында ККМ, санариптештирүү багытына түшкөнүбүз оң. Аны каалайбызбы-каалабайбызбы, дүйнө жүзүнүн баары ошол жолго өтүп аткандан кийин биз дагы өтүшүбүз зарыл. Бара-бара товарларды маркерлөө, электрондук эсеп кагаздарын жүргүзүү – азыркы мезгилдин талабы. Азыр санариптештирүү багытында ошол иштер киргизилип аткандан кийин көптөрүнө жакпайт. Өкмөт “салыкты төлөгүлө” деп аткандан кийин кандайдыр бир ыңгайлуу шарттарды түзүп бериш керек. Дегеним, оор технологиялык өндүрүш тармагында, айыл чарба жаатында салым кошо турган ишканаларды, фермерлерди колдоо иретинде жеңилдетилген ссуда берип, аларга технологияларды тартып келип, салыктан бошотуу шарттарын караштыруу кажет. Бир тараптуу эле урдура берген да болбойт. “Салык менен мамлекеттик казынаны толтурабыз” дей берсе, ашып кетсе эки, болбосо бир жарым жылдан кийин процесс токтоп калышы мүмкүн. Ансыз дагы көптөгөн ишкерлерибиз Түркияга, Өзбекстанга кетип атышат. Анткени ал жакта салык режими жакшы экен дешүүдө. Мамлекет бул жагын ойлонбосо, келечекте бир да жеке менчик ишкана калбайт. Дүң продукциясында салымы бар ишканалардын да жок болуп кетүү коркунучу бар...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер